Меню
АКАДЕМИКТЕР
АЙДАРАЛИЕВ АСЫЛБЕК АКМАТБЕКОВИЧ
Медицина илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргызстан Эл аралык университетинин (КЭАУ) негиздөөчүсү
АДАМБЕКОВ ДОКТУРБЕК АДАМБЕКОВИЧ
Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген окумуштуусу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Россиянын медициналык жана техникалык илимдер академиясынын анык мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Кыргыз патентинин президиумунун мүчөсү, «Микробиология, эпидемиология жана иммунология» (Москва), «Биотехнология» (Москва), «Гигиена, эпидемиология жана иммунобиология» (Алматы) журналдарынын редакциялык кеңешинин мүчөсү, «И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын кабарчысы» журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү. Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты.
АКАЕВ АСКАР АКАЕВИЧ
Физика-математика илимдеринин доктору, ядролук физик, профессор, М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги (1984), Россия илимдер академиясынын ардактуу доктору жана чет өлкөлүк мүчөсү.
АКИМАЛИЕВ ДЖАМИН АКИМАЛИЕВИЧ
Айыл чарба илимдеринин доктору (1981), профессор (1982), Бүткүл союздук айыл чарба илимдер академиясынын (ВАСХНИЛ) академиги (1991), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1993), Россия илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү.
АКМАТАЛИЕВ АБДЫЛДАДЖАН АМАНТУРОВИЧ
Филолог, кыргыз фольклорун, кыргыздын «Манас» эпосун жана Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөчү. Филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги(2010), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер(1999), илим жана техника жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынан эки жолку лауреаты
АРАБАЕВ ЧОЛПОНКУЛ ИСАЕВИЧ
Юридика илимдеринин доктору (2005), профессор (2004), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (2021), Россиянын юридикалык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. 1991-жылы Москва шаарында юридика илимдеринин кандидаты илимий даражасын, 2005-жылы Бишкек шаарында юридика илимдеринин доктору илимий даражасын алган.
АСАНКАНОВ АБЫЛАБЕК АСАНКАНОВИЧ
Тарых илимдеринин доктору (1993), профессор (1996), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (2000), академик (2021), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча эки жолку мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер
АСАНОВ УСЕН АСАНОВИЧ
Химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги (1987), советтик жана кыргыз физикалык химик, Эл аралык инженердик академиянын, Экология, адамдын жана жаратылыштын коопсуздугу академияларынын, Нью-Йорк академиясынын жана башка эл аралык илимий академиялардын академиги. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
АШИМОВ ИСАБЕК АШИМОВИЧ
Академик, хирург, физиолог, философ, жазуучу, илимди жана жаңы технологияларды жайылтуучу
БАКИРОВ АПАС БАКИРОВИЧ
1935-жылы 12-февралда Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылында туулган. 1957-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун тоо-геология факультетин бүтүрүп, ошол эле жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Геология институтунда эмгек жолун баштаган. Ал инженерден баштап директорлукка чейин иштеген. КР УИАнын M.M. Адышев атындагы Геология институтун 26 жыл жетектеген (1979-1985 директордун м.а., 1985-2005 директор). Институттун дирекциясынын кеңешчиси (2005-2010), жана 2010-жылдан азыркы учурга чейин башкы илимий кызматкери.
БОРУБАЕВ АЛТАЙ АСЫЛКАНОВИЧ
Кыргызстандын көрүнүктүү математиги жана мамлекеттик ишмери, геометрия жана топология тармагындагы адис. Физика-математика илимдеринин доктору (1991), профессор (1992), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (2000), КР УИАнын Президиумунун мүчөсү.
ДЖЕНЧУРАЕВА РОЗАЛИЯ ДЖАМАНКУЛОВНА
кыргыздын алгачкы аял-геологу, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор, илимге эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги
ДЖУМАТАЕВ МУРАТ САДЫРБЕКОВИЧ
Машина механикасы тармагындагы белгилүү кыргыз окумуштуусу, техника илимдеринин доктору (1993), профессор (1998), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (2006), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (2010).
ЖОРОБЕКОВА ШАРИПА ЖОРОБЕКОВНА
Первая и до настоящего времени единственная в странах СНГ женщина, избранная президентом академии наук, внёсшая весомый вклад в развитие и укрепление международных научных связей академии, в разработки стратегии развития науки и инноваций в республике, выдающаяся ученый в области супрамолекулярной химии гумусовых веществ, почвенной энзимологии и биотехнологии, наноматериалов и нанотехнологий, педагог, Заслуженный деятель науки Кыргызской республики (2009), доктор химических наук (1989), профессор (1990), академик НАН КР (2000), академик Общественной академии педагогических и социальных наук России (1997), действительный член Академии проблем безопасности, обороны и правопорядка РФ (2007), почетный академик Национальной инженерной академии Республики Казахстан (2011), действительный член Евразийской академии наук (2016).
ЖУМАЛИЕВ КУБАНЫЧБЕК МЫРЗАБЕКОВИЧ
Техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1993), Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын, Эл аралык информатизация инженердик академиясынын жана Жогорку мектептин илимдер академиясынын анык мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты (2015–2021, «Бир Бол» фракциясы).