Меню
ИЗДЕНҮҮЧҮЛҮК
1. Доктордук диссертацияны өз алдынча даярдап жаткан изденүүчүлөр илим кандидаты же философия доктору (PhD)/профилдик доктор даражасына ээ болгон адамдар аталышы мүмкүн.
2. Кандидаттык диссертацияны өз алдынча даярдап жаткан изденүүчүлөр катары адис же магистр диплому менен жогорку кесиптик билимге ээ адамдар боло алышат.
3. Илим доктору даражасына талапкерлер КР УИА ИИУна тийиштүү илимий, эксперименталдык базасы жана жогорку квалификациялуу кадрлары бар мекемелерге кеминде 4 жылдык мөөнөткө бекитилет.
4. Илим кандидаты даражасын алуу үчүн изденүүчүлүк окуу мөөнөтү — 3 жыл.
5. Изденүүчүлүк институтундагы окуу мөөнөтү илимий-педагогикалык жана илимий стаж катары эсептелет.
6. Изденүүчү катары бекитилиши үчүн КР УИА ИИУ жетекчисинин наамына өтүнүч жана тиешелүү документтер (жобонун 3.3. же 4.4-пунктуна ылайык) тапшыруусу керек.
7. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин, бардык талапкерлердин материалдары КР УИА ИИУжетекчисинин буйругу менен түзүлгөн конкурс комиссиясынын кароосуна берилет. Комиссия курамына илимий катчы жана алдыңкы адистер кирет.
Комиссия документтерди 2 жумалык мөөнөт ичинде карайт.
8. Конкурстук тандоонун негизги критерийлери:
- диссертациянын адистиги КР УИА ИИУ профилине ылайык болушу;
- диссертациялык планга ылайык изилдөө жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтык жана материалдык-техникалык ресурстардын бар болушу;
- диссертациялык изилдөө планын иштеп чыгуунун деңгээли;
- талапкердин илимий жетишкендиктери (илимий жана басма ишмердиги).
9. Документтер белгиленген критерийлерге ылайык текшерилгенден кийин, комиссия ар бир талапкер боюнча өзүнчө корутунду чыгарат. Кабыл алуу же баш тартуу чечими талапкерге 5 күн ичинде, бирок окуу башталганга чейин 2 жума кечиктирбестен кабарланат. Кабыл алуу чечими протоколдун негизинде буйрук менен бекитилет.
10. Изденүүчү бекитүү чечими, диссертация темасын жана илимий жетекчини аныктоо комиссиянын протоколунун негизинде кабыл алынат.
11. Изденүүчүлөр 2 айлык мөөнөт ичинде лабораторияга (бөлүм, кафедра же секторго) илимий жетекчиси менен макулдашылган жекече иш планын тапшырат.
12. Кандидаттык диссеертацияга илимий жетекчилери катары илимдин докторлору дайындалат. Доктордук диссертацияга илимий консультантсыз эле даярдалышы мүмкүн.
13. Диссертациянын темалары, илимий жетекчилери жана жекече окуу пландары КР УИАнын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет.
14. Темалардын артыкчылыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына берилет.
15. Изденүүчүлөр жыл сайын ИИУнун илимий кеңешине отчет беришет. Иш планын өз убагында аткарбаган изденүүчүлөр чыгарылат.
16. Изденүүчүлөр бекитилген жеринде зарыл жабдуулар, кабинет, китепкана ж.б. менен камсыздалат. КР УИА ИИУ жетекчилиги аларга диссертация даярдоо үчүн шарт түзүүгө жардам берет.
17. Изденүүчүлөрдүн илимий консультанттарына эмгек акы КР УИА ИИУнун атайын каражаттарынан, ар бир изилдөө үчүн жылына 50 сааттан ашпаган көлөмдө төлөнөт.