Меню
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы илимий ишмердүүлүктүн бардык субъекттери тарабынан жүргүзүлүүчү фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү уюштурат жана координациялайт, Кыргыз Республикасынын илимий-техникалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын жогорулатууга багытталган адам, коом, жаратылыш жөнүндө жаңы билимдерди алуу максатында табигый, техникалык, гуманитардык, коомдук илимдердин жана искусствонун эң маанилүү багыттары боюнча фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзөт.
Ар бир мамлекет үчүн илимдин ийгиликтүү өнүгүшү – бул улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги фактору болуп саналат. Ар кыл жылдарда КР УИАнын жетишкендиктери таасирдүү болду:
- «Венера-13» жана «Венера-14» илимий космостук эксперименттерде биринчи жолу колдонулган жабдуулар жасалган;
- Космонавтика үчүн адаптогендик препараттар иштелип чыккан;
- «Уран-234түн жана уран-238дин табигый бөлүнүү кубулушу” аттуу илимий ачылыш жасалды;
- «Тоо тектериндеги калдык чыңалуулардын секирме түрдө бошонуу кубулушу»ачылды (И.Т. Айтматов, К.И. Таджибаев);
- Академик А.Бөрүбаевдин «Топологиялык мейкиндиктердин өзгөчө касиеттери жөнүндө» деген математикалык изилдөөсү, ошондой эле анын «Бирдиктүү мейкиндиктин абсолют, толуктоо жана кеңейиши операцияларынын алмашылышынын касиети» аттуу эмгеги математикадагы илимий ачылыш катары эл аралык деңгээлде таанылды;
- Химия тармагында жогорку таза сурьманы алуунун жаңы ыкмасы иштелип чыкты;
- Сальмонеллезге каршы принципиалдуу жаңы вакцина иштелип чыкты;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары Кыргызстандын бүт аймактарынан чогулткан алгачкы материалдардын негизинде Кыргыз ССРинин Кызыл китеби жарык көрдү;
- Рудалык эмес пайдалуу кендердин (Чаткал) жана ванадийлүү титан-магнетит рудаларынын (Талас) жаңы кендери ачылган.
- Ленинабаддагы (Тажикстан) заводу эки реактивдүү плазматрондун базасында түзүлгөн «Нур» спектралдык анализдөө аппаратын монтаждоо аспабын сериялык түрдө чыгара баштады;
- Илимдер академиясынын окумуштуулары белгиленген касиеттери бар материалдарды алуунун жаңы технологияларын: материалдарга плазмалык, оптикалык жана лазердик таасир этүү ыкмаларын иштеп чыгышты. Өлкө, ирригациялык системаларды, жер кыртышынын жылышына геоэкологиялык байкоо жүргүзүүнүн телеметрикалык системаларын автоматташтыруу боюнча жаңы илимий иштеп чыгууларды алды;
- Жаңы жер-суу кадастрлары, Кыргызстандын топурактарынын генетикалык фондунун кадастры түзүлдү;
- Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр жана жаныбарлар атласы түзүлдү;
- Узакка таасир этүүчү сууда эрүүчү иммобилизацияланган жаңы ферменттик препараттар алынды, органикалык калдыктарды жана кычкылданган көмүрдү микробиологиялык ачытуу жолу менен өсүү стимуляторлорун, органикалык жер семирткичтердин компоненттерин жана суюк минералдык жер семирткичтерди алуу технологиясы иштелип чыккан;
- «Антизоб» йоддуу тамак-аш тузун өндүрүү технологиясы (Техникалык шарттары) иштелип чыкты;
- Биринчи жолу гипоксиялык белоктун классы бөлүнүп, сүрөттөлгөн жана гипоксиялык белок аныкталган;
- Илим-изилдөө институту Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакта дүйнөлүк флоранын уникалдуу коллекциясы чогултулуп, мөмөлүү дарактардын жана бадалдардын сорттору иштелип чыккан;
- Кыргызстандын Орто юра (келловей) Балабансай формациясына таандык чоң (болжол менен 7-8 метр) теропод динозаврынын жаңы түрү табылды, ал Кытайдын батышында Орто Азия юрасынын биринчи диагностикалык тероподдор таксонун билдирет жана жаңы таксон- Alpkarakush kyrgyzicus катары сүрөттөлгөн;
- Баткен облусунун Баткен районунун Самарканд а/о аймагындагы элдердин улуу көч доорундагы Карабулак маданиятына таандык Кызыл-Кошун көрүстөнүндө экспедиция жана коопсуздук-куткаруу изилдөө иштери жүргүзүлдү;
- 12 томдон турган Ч. Айтматовдун бардык чыгармалары, макалалары, баарлашуулар, маектери анын адабий мурасын дүйнөгө жайылтуу максатында жарык көрдү.