Меню

A A
ДЖУМАТАЕВ МУРАТ САДЫРБЕКОВИЧ

ДЖУМАТАЕВ МУРАТ САДЫРБЕКОВИЧ

Туулган күнү: 1957-жылдын 29-январы
Туулган жери: Фрунзе шаары
Улуту: кыргыз
Тилдерди билүүсү: кыргыз, орус

Машина механикасы тармагындагы белгилүү кыргыз окумуштуусу, техника илимдеринин доктору (1993), профессор (1998), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (2006), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (2010).

1978-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-металлург адистиги боюнча аяктаган. Кийин инженер-изилдөөчү-механик адистигине ээ болгон.

1979–1991-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Автоматика институтунда инженер, кийин улук илимий кызматкер болуп эмгектенген. 

1985-жылы кандидаттык, ал эми 1993-жылы өзгөрүлмө түзүлүштөгү шарнирлүү-рычагдуу механизмдердин теориясы боюнча («Механизмдер жана машиналар теориясы») докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 

1998-жылы профессор илимий наамы ыйгарылган.

1991–1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу институтунун окумуштуу катчысы, кийин илимий иштер боюнча директордун орун басары болуп иштеген. 

1995-жылдан тартып ушул институттун директору болуп дайындалган. 

1997-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, ал эми 2006-жылы академиги болуп шайланган.

2017–2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти кызматын аркалаган.

2018-жылы Казакстандын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү болуп шайланган.

Улуттук илимдер академиясынын президенти кызматынан кийин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине караштуу Кыргыз тоо-кен жана металлургия институтунун «Тоо-кен машиналары жана электромеханика» кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын машина куруу багыты боюнча Эксперттик кеңешинин төрагасы болуп, Мамлекеттик илимий-техникалык сыйлыктар боюнча комитеттин курамында иштеген.

Илимий ишмердүүлүгү:

Өзгөрүлмө түзүлүштөгү машиналар механикасы боюнча илимий мектептин негиздөөчүсү. Пресстердин, балкалардын, бургулоо жабдууларынын жана башка машиналардын теориялык негиздерин жана практикалык моделдерин иштеп чыккан.

150дөн ашуун илимий эмгектин, 5 монографиянын жана 15 ойлоп табуунун жана патенттин автору. Анын илимий жетекчилиги алдында 8 кандидаттык диссертация ийгиликтүү корголгон.

Сыйлыктары:

  1. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2002);
  2. Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери ардактуу наамы (2010);
  3. 2020-жылдагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекеттер аралык «Шериктештиктин жылдыздары» сыйлыгынын лауреаты.