Меню
АСПИРАНТУРА (АДЪЮНКТУРА)
Күндүзгү аспирантура – 3 жыл, сырттан окуу формасы – 4 жыл.
1. Аспирантурага (адъюнктурага) конкурстук негизде жогорку кесиптик билими бар, адис же магистр дипломуна ээ адамдар кабыл алынат.
Мурун аспирантураны толук бүтүргөн адамдар кайрадан окуй алышпайт.
2. Аспирантурага тапшыруу үчүн КР УИА ИИУ жетекчисине төмөнкү документтер менен кайрылуу жазылат:
- илимий кеңештин (же илимий-техникалык кеңештин) же мамлекеттик аттестациялык комиссиянын мыкты окуган студентке берген сунуштамасы;
- адис же магистр дипломунун көчүрмөсү (чет элдик жарандар үчүн – билим берүү документинин эквиваленттүүлүгүн ырастаган күбөлүк);
- паспорттун көчүрмөсү (жарандар үчүн);
- тандалган адистик тема боюнча жазылган реферат жана тиешелүү тармактагы адистин жакшы пикири;
- жарыяланган илимий иштердин, ойлоп табуулардын тизмеси (бар болсо);
- илимий жетекчинин/консультанттын темага жана изилдөө тармагына макулдугун билдирген кат (бар болсо);
- паспорт жана жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү тууралуу диплом жеке өзү тарабынан көрсөтүлөт.
3. Аспирантурага кабыл алуу жыл сайын илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
4. Аспирантурага кабыл алууну уюштуруу үчүн КР УИА ИИУ директорунун төрагалыгы астында кабыл алуу комиссиялары түзүлөт. Аларга илимий жетекчилерди кошкондо жогорку квалификациядагы илимий кадрлар кирет.
5. Аспирантурага тапшыруучулар болжолдуу илимий жетекчиси менен алдын ала маектешүүдөн өтүшөт. Илимий жетекчи бул маектешүүнүн жыйынтыгын кабыл алуу комиссиясына билдирет.
Аспирантурага тапшыруучулар төмөнкү сабактар боюнча кирүүчү экзамендерди тапшырышат:
- адистик боюнча дисциплина — адис же магистр программасына ылайык көлөмдө;
- чет тили —КР УИА ИИУ тарабынан аныкталган диссертациялык ишти аткарууга керектүү тил (англис, немис, француз, кытай жана башка тилдер);
- тарых жана философия илими;
- кыргыз тили.
Кирүүчү экзамендер тиешелүү адистик боюнча экзамен боло турган адистик боюнча жок дегенде бир илимдин доктору кирген комиссия мүчөлөрү тарабынан кабыл алынат.
Чет тили жана чыгармачыл адистиктер боюнча комиссиялар илимий даражасы жок, бирок квалификациялуу окутуучулардан түзүлүшү мүмкүн.
Кирүүчү экзамендерди кайра тапшырууга болбойт.
Эгер талапкер буга чейин тиешелүү сабактар боюнча экзамен тапшырган болсо жана бул факт тастыкталса, ал кирүү сыноосунан бошотулат.
7. Кабыл алуу комиссиясы ар бир талапкер боюнча өзүнчө чечим кабыл алат.
Асапирантурага (адьюнктура) кабыл алуу жөнүндө чечим талапкерге 5 күн ичинде, бирок окуу башталганга чейин 2 жума кечиктирбестен кабарланат.
6. Аспирантурага кабыл алуу КР УИА президентинин буйругу менен, КР УИА ИИУнун сунушуна ылайык жүргүзүлөт.
Күндүзгү аспирантурада окуунун мөөнөтү илимий жана илимий-педагогикалык стаж катары эсептелет. Эмгек китепчесине тиешелүү жазууну ИИУнун өзүнүн мөөрү бар кадрлар инспектору жүргүзөт.
8. Аспирантурадагы окуу учурунда аспирант төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
- өз алдынча окуу планын толук көлөмдө аткаруу;
- бардык кандидаттык экзамендерди тапшыруу: илим философиясы жана тарыхы, чет тили, адистик боюнча предмет, мамлекеттик тил;
- диссертациялык ишти аяктап, аны иш жүргүзүлгөн жерде талкуудан өткөрүү.
9. Диссертация темалары, илимий жетекчилер жана жеке окуу пландары КР УИА ИИУнун илимий кеңешинин чечими менен аныкталат. Аларды КР УИАнын президенти же вице-президенти окуу башталган күндөн тартып 3 ай ичинде бекитет.
Бул маалыматтарды аспирант КР УАК сайтына кирип жеке кабинетине жүктөйт.
Темалардын артыкчылыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына берилет.
Илимий жетекчилер катары тиешелүү тармак боюнча илим докторлору же кээде илим кандидаттары/PhD докторлору дайындалат.
Бир илимий жетекчи 5тен ашпаган аспирантка жетекчилик кыла алат.
Эгер изилдөө эки адистиктин кесилишинде болсо, аспирантка эки илимий жетекчи дайындалышы мүмкүн, алардын бири сөзсүз илим доктору болушу керек.
10. Аспирант жыл сайын лабораторияга отчет берип, КР УИА ИИУнун Илимий кеңешинде аттестациядан өтөт. Бул отчеттор сакталат жана диссертация менен кошо тапшырылат. Өзүнүн жеке окуу планын өз убагында аткарбаган аспирант КР УИАнын президентинин буйругу менен аспирантурадан чыгарылат.
11. Аспиранттар илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлер менен бирдей шартта лаборатория, жабдуулар, окуу бөлмөлөр, китепканаларды колдоно алат жана командировкаларга (анын ичинде чет элдик илимий борборлорго) чыга алат.
12. Аспиранттарды бир илимий уюмдан экинчисине которуу, күндүзгү-сырткы формага өтүү жана тескерисинче, окуусун бүтө электе чыгарылган аспиранттарды калыбына келтирүү же PhD/докторантурага которуу КР УИАнын жетекчилигинин буйругу менен болот. Которуу же калыбына келтирүү аспиранттын жеке арызынын негизинде жүргүзүлөт.
13. Окуусун бүткөндөргө бирдиктүү формадагы сертификат берилет. Ага кошумча дисциплиналардын тизмеси, окуу сааттары жана баалар чагылдырылган кошумча барак берилет. Бул маалымат илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык болот.
14. Аспиранттарга адистик, илим философиясы, чет жана мамлекеттик тилдерден тышкары, «Педагогикалык чеберчилик мектеби», «Академиялык жазуу» жана «Илимий изилдөөнүн методологиясы (статталдоо)» дисциплиналары окутулат.
15. Аспирантура программасына коюлган талаптар:
- Жалпы жүктөм — 3 жылда 180–240 кредит (5400–7200 саат);
- Теориялык окутуунун көлөмү — 45 кредиттен ашпайт;
- Илимий-изилдөө иштери — кеминде 135 кредит (мында тажрыйба, практикалар, аттестациялар, диссертация коргоо кирет).
Аспирантуранын күндүзгү окуу формасындагы аспиранттар, эгерде алар жеке окуу планын толук аткарса, кошумча төлөнүүчү илимий же педагогикалык иш менен алектенүүгө укуктуу.
Бюджеттик негизде аспирантурада окуган аспиранттарга, аспирантурага кабыл алынган күндөн тарта мамлекеттик стипендия төлөнөт.
16. Күндүзгү формада окуган аспиранттарга жылына 2 айлык каникул каралган.
17. Жогорку билимден кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча билим алган аспиранттарга/PhD/докторанттарга/изилдөөчүлөргө илимий жетекчилердин эмгек акысы билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн убакыт нормаларына жана тарифтерине ылайык, бир жылга бир студентке 50 сааттык жүктөмдөн эсептелип, илимий уюмдун/ЖОЖдун атайын каражаттарынын эсебинен төлөнөт (эки илимий жетекчи дайындалган учурларды кошо алганда).
18. КР УИА ИИУ ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык, аспирантурага тапшыруучу талапкерлерге зарылчылык жаралса, 12 айга чейинки мөөнөттө алдын ала стажировка жүргүзө алат. Эмгек стажы социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.