Меню

A A
АДАМБЕКОВ ДОКТУРБЕК АДАМБЕКОВИЧ

АДАМБЕКОВ ДОКТУРБЕК АДАМБЕКОВИЧ

Туулган жылы: 1955-жылдын 15-январы

Туулган жери: Чүй облусу, Кант району, Караго айылы

Улуту: кыргыз

Тилдери: кыргыз, орус, немис, англис (базалык деңгээлде)

Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Россиянын медициналык-техникалык илимдер академиясынын анык мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Кыргызпатент мекемесинин президиумунун мүчөсү, Москва шаарында жарык көрүүчү «Микробиология, эпидемиология жана иммунология» жана «Биотехнология» журналдарынын, Алматы шаарындагы «Гигиена, эпидемиология жана иммунобиология» журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү, ошондой эле И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын «Жарчысы» журналынын редакциялык коллегиясынын мүчөсү. Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты.

Иммунология, микробиология жана адам экологиясы тармагындагы белгилүү окумуштуу. Анын илимий изилдөөлөрү инфекциялык процесстин иммунологиясына, бактериялык инфекциялардын иммунологиясына, кургак учук менен ооругандардын иммундук абалына жана ириңдүү-септикалык ооруларды диагностикалоо маселелерине арналган.

1977-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган.

1995–2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон.

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын микробиология кафедрасын жетектеп, академиянын ректору кызматын аркалаган.

Анын илимий жетекчилиги астында 3 медицина илимдеринин доктору жана 11 медицина илимдеринин кандидаты даярдалган.

150дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын, 4 окуу китебинин жана окуу-усулдук колдонмонун автору. Ошондой эле 15тен ашуун ойлоп табууга патент алган.

Негизги ойлоп табуулары:

1.    Лимфоциттердин антителого көз каранды цитотоксикалуулугун аныктоо ыкмасы. Автордук күбөлүк №1725125, 1991-жыл.
2.    Иерсиниозду дифференциалдык диагностикалоо ыкмасы. Россия Федерациясынын патенти №2008684, 1994-жыл.
3.    Иммуномодуляциялоочу касиетке ээ каражат. Россия Федерациясынын патенти №2038089, 1995-жыл.
4.    Афлатоксикозду диагностикалоо ыкмасы. Россия Федерациясынын патенти №2021614, 1994-жыл.
5.    Койлор жана эчкилер үчүн культуралык вакцинаны даярдоо ыкмасы. Кыргыз Республикасынын патенти №899, 2005-жыл.