АСАНОВ УСЕН АСАНОВИЧ
Туулган күнү: 1934-жылдын 26-январы
Туулган жери: Нарын облусу, Тянь-Шань району, Эмгекчил айылы
Улуту: кыргыз
Билген тилдери: кыргыз, орус
Химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги (1987), советтик жана кыргыз физикалык химик, Эл аралык инженердик академиянын, Экология, адамдын жана жаратылыштын коопсуздугу академияларынын, Нью-Йорк академиясынын жана башка эл аралык илимий академиялардын академиги. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
1950-жылы Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепти артыкчылык менен аяктаган.
1956-жылы Д.И. Менделеев атындагы Москва химиялык-технологиялык институтун «электровакуумдук өндүрүш технологиясы» адистиги боюнча инженер-технолог квалификациясы менен бүтүргөн.
1956–1958-жылдары лаборант жана илимий кызматкер болуп иштеген.
1958–1962-жылдары Москвадагы СССР Илимдер академиясынын Физикалык химия институтунун аспирантурасында окуган. 1962-жылы химия илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.
1963–1979-жылдары Бишкектеги Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Органикалык эмес жана физикалык химия институтунун лаборатория башчысы, 1979–1987-жылдары ошол эле институттун илимий иштер боюнча директорунун орун басары болуп иштеген.
1966-жылдан доцент, 1981-жылдан профессор. 1977-жылы химия илимдеринин доктору илимий даражасын алуу үчүн докторлук диссертациясын жактаган.
1983-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланып, 1987-жылы академик болуп шайланган.
1987–1992-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору болгон.
1989-жылы Фрунзе шаарынын Ленин районундагы №5 Университеттик шайлоо округунан Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.
1992–2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы болуп иштеген.
2002-жылдан Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редактору болуп, анын жетекчилиги алдында «Кыргызстан» Улуттук энциклопедиясынын сегиз тому жана бир катар тармактык энциклопедиялар жарык көргөн.
Илимий ишмердиги:
Органикалык эмес материалдардын технологиясы, анын ичинде суюк диэлектриктер чөйрөсүндө ток өткөрүүчү материалдардын электр учкунунун таасиринен бузулушу учурунда жүрүүчү химиялык жана физикалык-химиялык процесстерге негизделген учкун разрядынын химиясы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн.
350 илимий эмгектин жана 50 патенттин автору. Анын илимий жетекчилиги астында 5 илимдин доктору жана 25 илимдин кандидаты даярдалган.
Сыйлыктары:
- Эмгек Кызыл Туу ордени (1976);
- Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу (1979);
- Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы (1981);
- «СССРдин ойлоп табуучусу» төш белгиси (1983);
- Кыргыз Республикасынын илимге жана техникага эмгек сиңирген ишмери (1995);
- «Даңк» медалы (1995);
- Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгы (2000);
- Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (ВОИС) «Мыкты ойлоп табуучу» номинациясы боюнча Алтын медалы (2003);
- III даражадагы «Манас» ордени (2003);
- I даражадагы Пётр Великий ордени (Россия, 2007);
- Баласагын атындагы сыйлык;
- И. Арабаев атындагы сыйлык;
- «Руханият» эл аралык сыйлыгы.
Негизги эмгектери:
- Суюк диэлектриктерде төмөнкү чыңалуудагы учкун разряды шартында металл кошулмаларын синтездөө. – Фрунзе: Илим, 1978.
- Органикалык химия (авторлош). Химия факультеттеринин студенттери үчүн окуу китеби. 1-бөлүк – 1991, 2-бөлүк – 1996. – Бишкек: Мектеп.
- Жалпы химия (авторлош). – Бишкек, 1997.
- Физикалык химия (авторлош). – Бишкек, 2000.
- Органикалык химия курсу (авторлош). – Бишкек, 2001.
- Суюк диэлектриктерде пайда болгон учкун разрядынын плазмасындагы физикалык-химиялык процесстер. – Бишкек, 2001.
- Учкун разрядынын плазмасындагы энергияга каныккан чөйрөлөр (авторлош). – Бишкек, 2002.
- Аналитикалык химия.