Меню

A A
АСАНКАНОВ АБЫЛАБЕК АСАНКАНОВИЧ

АСАНКАНОВ АБЫЛАБЕК АСАНКАНОВИЧ

Биография
Туулган жылы, күнү: 1954-жылдын 27-декабры
Туулган жери: Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык (Доскулу) айылы
Улуту: кыргыз
Билген тилдери: кыргызча, орусча

Тарых илимдеринин доктору (1993), профессор (1996), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (2000), академик (2021), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча эки жолку мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер.

·         1972–1977 – Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин студенти;

·         1977–1978 – Нарын облусунун Жумгал районунун «Көл-Арык» орто мектебинде мугалим;

·         1978–1979 – «Жумгал» орто мектебинде мугалим;

·         1979–1980 – Фрунзе политехникалык институтунун «КПСС тарыхы» кафедрасынын окутуучусу;

·         1980–1983 – Москвадагы СССР ИАнын Н.Н. Миклухо-Маклай атындагы этнография жана антропология институтунун аспиранты;

·         1984–1991 – КМУда окутуучу, Кыргыз мамлекеттик университетинин археология жана этнография кафедрасынын башчысы;

·         21-октябрь 1991 – 30-апрель 1992 – Москвадагы РИАнын Н.Н. Миклухо-Маклай атындагы этнология жана антропология институтунун улук илимий кызматкери;

·         1992–1993 – Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин деканы;

·         1994–1997 – Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз таануу институтунун директору;

·         1999–2001 – Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;

·         2001–2005 – Э. Арабаев атындагы Кыргыз педагогикалык университетинин ректору;

·         2005–2006 – ошол эле университеттин Ата мекен тарыхы кафедрасынын башчысы;

·         2010-жылдын 11-августунан – Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын этникалык өнүгүү, диний саясат жана жарандык коом менен байланыш бөлүмүнүн башчысы;

·         2010–2012 – ошол эле мекеменин улуттук өнүгүү, диний саясат жана жарандык коом менен байланыш бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

·         2016-жылдан тартып – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун директору.

Илимий жана коомдук ишмердүүлүгү

·         Кыргыз тарых коомунун мүчөсү (2012).

·         «Манас» эпосунун миң жылдыгына арналган медаль менен сыйланган (1995).

·         300гө жакын илимий эмгектин автору, анын ичинде 15 монография, 10 жогорку окуу жайлар үчүн окуу китеби.Абылабек Асанкановичтин жаш илимий кадрларды даярдоодогу ишмердиги өзгөчө белгилөө зарыл. 11 илимдин докторун, 40ка жакын илимдин кандидаттарын  «07.00.07 –Этнография, этнология и антропология» багыты боюнча даярдаган. Алар илимде, билим берүүдө, маданиятта жана мамлекеттик кызматта ийгиликтүү эмгектенип келишет.

·         Ж. Баласагын атындагы КУУ жана Б. Жамгырчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы диссертациялык кеңештин түзүлүшүнө жана ишмердүүлүгүнө чоң салым кошкон.

Негизги эмгектери:

·         Социально-культурное развитие современного сельского населения Киргизии. Ф.,1989;

·         Кыргызы: рост национального самосозвания. Б., 1997.

·         История Кыргызстана (с древнейших времен до наших дней). Учебник для вузов. - Бишкек, 2009.

·         Кыргызы Синьцзяна (КНР). - Бишкек, 2010.

·         Жунго Шинжаң кыргыздары (Монография)/Сунуштуу редактор Макелек Өмүрбай; жооптуу редактор Токтосун Карыбек уулу. - Артыш: Кызыл-Суу Кыргыз басмасы, 2013. - ISBN 978-7-5374-1355-8. - 2+2+1+307 б., сүрөттөр.

·         «Кыргызы» (Кыргызские народы) (М.: Наука, 2016. 626 стр.)

2023-жылы А. Асанканов А. Эркебаев менен биргеликте «Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь 2010-жылдагы этностор аралык жаңжал» аттуу аналитикалык обзор жазышкан (Бишкек, 2023).