АКМАТАЛИЕВ АБДЫЛДАДЖАН АМАНТУРОВИЧ
Туулган күнү: 1956-жылдын 15-январы
Туулган жери: Нарын шаары, Нарын облусу
Улуту: кыргыз
Билген тилдери: кыргыз, орус
1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) филология факультетин аяктаган.
1979-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ар түрдүү түзүмдөрүндө эмгектенип келет. 2013–2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти кызматын аркалаган. 2017-жылдан тартып Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору.
Орус тилиндеги негизги эмгектери:
- Чингиз Айтматов: Жизнь и творчество (Краткий очерк). – Бишкек: Мектеп, 1991. – 240 б. (орус, англис, француз жана немис тилдеринде);
- Чингиз Айтматов и взаимосвязи литератур. – Бишкек: Адабият, 1991. – 184 б.;
- В семье единой. – Фрунзе: Знание, 1983. – 16 б.;
- Взаимосвязи и взаимообогащение – важная закономерность развития многонациональных литератур. – Фрунзе: Знание, 1985. – 16 б.;
- Чингиз Айтматов. – Фрунзе, 1988. – 24 б.;
- «Плаха» и читатели. – Фрунзе: Кыргызстан, 1988. – 23 б.;
- Слово об Айтматове. – Бишкек: Илим, 1991. – 124 б.;
- Чингиз Айтматов и взаимосвязь литератур. – Бишкек: Адабият, 1991. – 184 б.;
- Значение творчества Ч. Айтматова в процессе взаимообогащения национальных литератур. – Бишкек: Илим, 1994. – 308 б.;
- Космос Айтматова – Человек и Вселенная. – Бишкек: Илим, 1995. – 83 б.;
- Избранное собрание сочинений. Том 1. Литературоведение. – Бишкек: Шам, 1997. – 428 б.;
- Избранное. Том 2. Литературоведение. – Бишкек: Шам, 1998. – 424 б.;
- Избранное. Том 3. Литературоведение. – Бишкек, 2002. – 608 б.;
- Чингиз Айтматов: Человек и Вселенная. – Бишкек: Илим, 2013. – 576 б.
Сыйлыктары:
- II даражадагы «Манас» ордени (2016-жылдын 30-августу) – Кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурасын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, көрсөткөн эрдиги жана кайраттуулугу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу;
- III даражадагы «Манас» ордени (2011-жылдын 29-августу) – мамлекетти жана демократиялык коомду чыңдоого, элдин биримдигин бекемдөөгө, республиканын экономикалык, интеллектуалдык жана руханий дараметин арттырууга кошкон чоң салымы жана жигердүү жарандык позициясы үчүн, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына байланыштуу;
- «Данакер» ордени (2021-жылдын 30-декабры) – Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана кесиптик ишмердигиндеги чоң жетишкендиктери үчүн;
- «Даңк» медалы (2006-жылдын 4-ноябры) – республикадагы илим тармагындагы эмгеги үчүн;
- II даражадагы «Достык» ордени (Казакстан, 2022-жыл);
- Түркмөнстандын «Magtymguly Pyragynyň 300 ýyllygyna» медалы (2024-жылдын 11-октябры) – улуттук маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошкон илимий изилдөөлөрү, түркмөн элинин маданий мурасын жана руханий баалуулуктарын кайра жаратуу, классик акын жана ойчул Махтумкули Фрагинин чыгармачылыгын изилдөө, сактоо, жайылтуу жана кийинки муундарга жеткирүү, ошондой эле Түркмөнстандын башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен маданий байланыштарын чыңдоого кошкон салымы үчүн;
- Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1999-жылдын 16-декабры);
- Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы (2023-жылдын 16-ноябры);
- КМШнын 2017-жылдагы «Шериктештиктин жылдыздары» мамлекеттер аралык сыйлыгынын лауреаты;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ыйгарылган энчилүү саат (2018-жылдын 22-январы) – улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана даңазалоого кошкон өзгөчө салымы үчүн.