БАКИРОВ АПАС БАКИРОВИЧ
1935-жылы 12-февралда Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылында туулган. 1957-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун тоо-геология факультетин бүтүрүп, ошол эле жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Геология институтунда эмгек жолун баштаган. Ал инженерден баштап директорлукка чейин иштеген. КР УИАнын M.M. Адышев атындагы Геология институтун 26 жыл жетектеген (1979-1985 директордун м.а., 1985-2005 директор). Институттун дирекциясынын кеңешчиси (2005-2010), жана 2010-жылдан азыркы учурга чейин башкы илимий кызматкери.
Геология-минералогия илимдеринин кандидаты (1968), геология-минералогия илимдеринин доктору (1973), мүчө-корреспонденти (1984), КР УИАнын академиги (1997).
Апас Бакиров геология илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон, геология, метаморфизм жана тектоника процесстеринин өз ара байланыштарын изилдөө боюнча өзүнүн уникалдуу мектебин түзгөн ири окумуштуу-геолог жана илимди уюштуруучу болуп эсептелет. Ал Борбордук Азияда жалгыз бул метаморфикалык багыттын илимий жетекчиси. Анын жетишкендиктери дүйнөлүк геологиялык коомчулук тарабынан таанылган.
Көп жылдар бою Тянь-Шандын, Памирдин, Уралдын, Кавказдын, Кола жарым аралынын, Воронеж көтөрүлүшүнүн, Алдан калканынын жана башка тоо кыркаларынын геологиялык түзүлүштөрүн жана метаморфикалык комплекстерин изилдөө боюнча Бүткүл союздук жана Эл аралык комиссиялардын курамында иштеген. Эл аралык геологиялык конгресстердин (СССР, Кытай, Бразилия, Норвегия, Япония ж.б.) иштеринде Кыргызстандын геология илиминин өкүлү болгон.
Анын илимий жетекчилиги астында геология-минералогия илимдеринин 1 доктору жана 7 кандидаты даярдалган.
Апас Бакиров Жер таануу илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон. Анын жетекчилиги астында институттун коллективи Орто Азияда биринчилерден болуп Тянь-Шандын геологиясын жаңы парадигма - “плиталардын тектоникалык теориясы” негизинде кайра карап чыккан. Анын жетекчилиги астында Тянь-Шандын геологиясы, метаморфизми, геодинамикасы, стратиграфиясы, металлогениясы жана минералдык ресурстары боюнча, ошондой эле Кыргызстандын агрорудалары боюнча көптөгөн илимий долбоорлор ишке ашырылган.
Ал бир катар аймактык тектоникалык структураларды (Чоң-Кемин палеорифти жана Сак палеоокеаны), тоо-тектердин жаңы түрлөрүн (атбашит) жана метаморфизмдин типтерин (жогорку жана эң жогорку басымдагы, ошондой эле төмөн басымдагы туркестан тиби) аныктаган. 10дон ашык локалдык стратиграфиялык бирдиктерди (сериялар, свиталар жана комплекстер) бөлуп чыккан. Архейден кайнозойго чейинки Тянь-Шандын жана ага чектеш аймактардын геологиялык тарыхын изилдеген.
Анын 350дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 15 монография жана китептер жарык көргөн. Анын жетектөөсү менен ар кандай масштабдагы (1:5000ден 1:1000000ге чейин) бир катар геологиялык, метаморфикалык, геодинамикалык, тектоникалык жана металлогениялык карталар түзүлгөн.
Ысык-Көл облусундагы Үчкошкон калай кенин ачкандардын бири, ал үчүн СССР Геология министрлигинин диплому жана «Первооткрыватель месторождения» төш белгиси менен сыйланган (1979). Ал аныктаган Талас районундагы Бала-Чычкан ванадийлүү титомагнетит кени Кыргыз Республикасынын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин геологиялык чалгындоо иштеринин натыйжасында тастыкталган.
Анын илимий жетекчилиги астында Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Токой кенинен алынган агрорудалары (глауконит, трепел, жашыл чопо, монтмориллонит жана гипс) изилденген. Бул минералдык түзүлүштөрдү табигый минералдык жер семирткичтер, детоксикатор жана тоют кошумчалары катары колдонуунун мүмкүндүгү далилденген.
Апас Бакиров актуализмден («заманбап – өткөндү түшүнүүнүн ачкычы») айырмаланып, азыркы геологиялык кубулуштарды түшүндүрүү үчүн байыркы геологиялык түзүлүштөрдү колдонууну камтыган жаңы методологиялык мамилени (антикваизм) сунуштаган. Бул ыкма алардын өнүгүшүндө азыркы кездеги геологиялык структуралардын ордун аныктоого жана келечектеги геологиялык процесстердин багыттарын сунуштоого жардам берет.
Ал комплекстүү геологиялык жана геофизикалык изилдөөлөрдүн негизинде азыркы Тянь-Шандын жер кыртышынын терең катмарларында жарым-жартылай эриген массаларды аныктаган. Бул массалар жер кыртышынын үстүңкү катмарларынын кыймылын жеңилдеткенин белгилеп, тоо структураларынын пайда болушунун оригиналдуу геодинамикалык моделин сунуш кылган.
Апас Бакиров Тянь-Шандын каледондук жана герциндик түзүлүштөрүнүн өнүгүүсүнүн акыркы этаптарында пайда болгон тафрогендик түзүлүштөрдү изилдөөнүн мисалын пайдаланып, “тафрогенез” кубулушунун жаңы маанисин аныктаган. Бул кубулуш жаңы континенттик жер кыртышын интеграциялоого жана түзүүгө багытталган геологиялык процесстерди камтыйт.
Ал “тектоника” жана «геологиялык формация» деген илимий түшүнүктөрүнө өзүнүн жаңы аныктамасын сунуш кылып, анын аныктамалары бүткүл союздук маалымдама китептерине туура аныктама катары киргизилген.
Апас Бакиров табигый системалардын курамын, түзүлүшүн жана жашоо формаларын формалдаштырып, жаңы физикалык формуланы чыгарган, анда система ажырагыс байланышта болгон эки субстанциядан: мейкиндикке бөлөнгөн зат-энергия (материялык) жана убакытка бөлөнгөн энтропия-информациядан (материя эмес) тураарын билдирген. Бул байланыш «Системалардын кош курамынын ажырагыс байланышы закону» деп аталып, Россиянын Табигый илимдер академиясы тарабынан илимий ачылыш катары таанылган.
Апас Бакиров Жердин негизги карама-каршылыгын аныктоого белгилүү салым кошкон, Жердин тереңинде планетанын борборун көздөй багытталган гравитациялык энергия менен шартталган концентрдик түзүлүштөр менен бирге планетанын жылуулук энергиясынан пайда болуп планетанын борборунан Жердин үстүнө багытталган радиалдык структураларды аныктаган. Бул карама-каршылык геодинамикалык процесстерди жаратып, Жердин бардык геосфераларынын өнүгүшүнө таасирин тийгизет.
Апас Бакиров Жер планетасы информация өсүү мыйзамынын таасири астында өнүгүп жатканын аныктады. Бул акыры, В.И. Вернадский жана Т.П. де Шарден - ноосфера деп атаган жаңы кабыктын Жер бетинде пайда болушуна алып келди. Ноосфера негизинде өнүккөн жаңы технологиялардын таасири астында, А. Бакировдун айтымында, адам акыл-эси башкарган ноократия пайда болууда. Планетанын мындай абалы үчүн Апас Бакиров “Акыл-үстөм” деген терминди колдонууну сунуштайт (акыл – разум, үстөм – власть).
Апас Бакиров көп кырдуу талант. Ал комузчу, ырчы, Мекен, сүйүү, геология жөнүндө ыр жазат. Анын аңгемелери жана илимий фантастика чыгармалары жалпыбызга белгилүү, музыкалары кээде республикалык радиодон угулат. Кыргыз геологдорунун гимнинин текстинин автору.
Апас Бакиров - Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1993); III-даражадагы «Манас» орденинин кавалери (2007). Кыргыз ССР Жогорку Советинин грамотасы (1979) жана Ардак грамотасы (1985); СССР Геология министрлигинин «Первооткрыватель месторождения» диплому жана төш белгиси (1979); Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен СССР Жогорку Советинин Президиумунун атынан «Эмгек ардагери» медалы (1986); Илимий ачылышы үчүн диплому жана Россиянын Табигый илимдер академиясынын Илимий ачылыштар жана ойлоп табуулар авторлорунун эл аралык академиясынын Петр Капица атындагы “Илимий ачылыштын авторуна” күмүш медалы (2021) менен сыйланган.