Меню

A A
ЖУМАЛИЕВ КУБАНЫЧБЕК МЫРЗАБЕКОВИЧ

ЖУМАЛИЕВ КУБАНЫЧБЕК МЫРЗАБЕКОВИЧ

Туулган күнү: 1956-жылдын 26-апрели
Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кечүү айылы
Улуту: кыргыз
Тилдерди билүүсү: кыргыз, орус, англис

Техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1993), Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын, Эл аралык информатизация инженердик академиясынын жана Жогорку мектептин илимдер академиясынын анык мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты (2015–2021, «Бир Бол» фракциясы).

1978-жылы Рязань радиотехникалык институтун аяктаган.

Эмгек жолунда Фрунзе политехникалык институтунда улук илимий кызматкер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физика институтунда лаборатория башчысы, Улуттук илимдер академиясынын Президиумуна караштуу «Жалын» илимий-инженердик борборунун директору болуп иштеген.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик катчынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри кызматтарын аркалаган.

Кванттык электроника, голография, маалыматты оптикалык иштетүү жана электрондук эсептөөчү машиналар тармагындагы белгилүү адис.

Фототермиялык алып жүрүүчүлөрдүн негизинде голографиялык эс тутум түзүлүштөрүнүн физикалык-техникалык каражаттарын иштеп чыккан.

Ошондой эле ленталык эс тутум системаларын, микрофиштерге негизделген сактоо системаларын, маалыматтарды сактоочу дисктик түзүлүштөрдү жана термопластикалык материалдарга электрондук эсептөөчү машинанын жардамы менен маалымат жазуу процессин башкаруучу жабдууларды иштеп чыгып, өндүрүшкө киргизген.

Анын жетекчилиги алдында 4 докторлук жана 15 кандидаттык диссертация ийгиликтүү корголгон.

300дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 12 монографиянын автору. 15 ойлоп табуунун автору болуп саналат.

Сыйлыктары:

  1. Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1984);
  2. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004);
  3. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген транспорт кызматкери (2003).

Негизги ойлоп табуулары:

  1. Дисктик голографиялык эс тутум түзүлүшүндө маалыматка жетүү ыкмасы. Автордук күбөлүк №1705871, 1989-жыл.
  2. Дисктик алып жүрүүчүгө катмарланган поляризацияланган голограммаларды жазуу ыкмасы жана голографиялык дисктик маалымат сактагыч. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти №134, 1996-жыл.
  3. Лазер нурун буруу ыкмасы. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти №177, 1997-жыл.
  4. Жол белгилерин чийүүгө арналган материал. Кыргыз Республикасынын патенти №695, 2004-жыл.