Меню

A A

ФИЗИКА-ТЕХНИКАЛЫК, МАТЕМАТИКА ЖАНА ТОО-ГЕОЛОГИЯ ИЛИМДЕР БӨЛҮМҮ

КР УИАНЫН СЕЙСМОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ

КР УИАНЫН СЕЙСМОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ

Изилдөөнүн негизги багыттары: - сейсмикалык коркунучка баа берүү жана кондициондук сейсмикалык райондоштуруу карталарын түзүү; - Тянь-Шандын сейсмикалык режимин изилдөө жана анын региондун геодинамикалык өзгөчөлүктөрү менен байланышын аныктоо; - сейсмикалык абалды болжолдоо жана жер титирөөлөр күтүлүүчү райондордун картасын түзүү; - жер титирөөлөрдүн кыртыштарга жана курулмаларга тийгизген таасиринин параметрлерин сандык баалоо, курулуучу аянттарда сейсмикалык коркунучтун даражасын баалоо; - жер титирөө кырсыктарынан келтирилген зыянды азайтуу жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу.

АКАДЕМИК Ж. ЖЕЕНБАЕВ АТЫНДАГЫ ФИЗИКА ИНСТИТУТУ

Илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары - берилген касиеттери бар материалдарды алуу, - плазмалык, лазердик жана нано маалымат технологиялары, - радиофизика, курчап турган чөйрөнүн физикасы жана озоносфераны изилдөө, - илимий-техникалык жана эл чарба маселелерин чечүү үчүн аэрокосмостук маалыматты пайдалануу.

МАТЕМАТИКА ИНСТИТУТУ

МАТЕМАТИКА ИНСТИТУТУ

Институтта илимий-изилдөө иштери төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт: -Жалпы топологиянын жана функционалдык анализдин теориясын жана изилдөө ыкмаларын иштеп чыгуу. -Динамикалык системалар теориясындагы жаңы эффектерди жана кубулуштарды компьютердик издөө жана аларды колдонуу. -Тескери жана туура эмес маселелерди изилдөө ыкмаларын иштеп чыгуу. -Оптимизациялоо жана колдонмо маселелерин чечүү ыкмаларын жана алгоритмдерин иштеп чыгуу. -Математика институтунун илимпоздору жалпы топологиянын ар түрдүү структураларын изилдөөдө чоң ийгиликтерге жетишти.

СУУ КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА ГИДРОЭНЕРГЕТИКА ИНСТИТУТУ

СУУ КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА ГИДРОЭНЕРГЕТИКА ИНСТИТУТУ

Милдеттер: - Кыргыз Республикасынын дарыяларынын бассейндеринин агымдарына климаттын өзгөрүү таасирлерин толук изилдеп чыгуу; - дарыя-аналогдорду тандоо усулдарын колдонуу менен дарыялардын бассейндериндеги гидропостордо суунун орточо жылдык сарпталышы боюнча гидрологиялык байкоолордун калтырылган катарларын ордуна келтирүү; - бардык куймаларды камтуу менен дарыялардын бассейндери боюнча жылдык агымды математикалык моделдин жардамы менен эсептеп чыгуу; - дарыялардын бассейндеринин жана алардын куймаларынын изилденбеген капкактарынын гидрологиялык мүнөздөмөлөрүн эсептеп чыгуу; - айылдык муниципалитеттердин тапшырмасы боюнча кичи гидроэлектростанциялардын капкактарын орнотуу үчүн дарыялардын келечектүү бассейндеринин гидроэнрегетикалык потенциалын эсептеп чыгуу; - кичи жана ири гидроэлектростанциялардын курулушу үчүн керектелген келечектүү капкактардын координаттарын аныктоо;

КР УИАНЫН М.М. АДЫШЕВ АТЫНДАГЫ ГЕОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ

Илимий ишмердүүлүктүн негизги багыттары төмөнкү тармактардагы фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөр болуп саналат: - регионалдык геология, - пайдалуу кендер, - физикалык география, - геоэкология жана инженердик геология.

МАШИНАТААНУУ, АВТОМАТИКА ЖАНА ГЕОМЕХАНИКА

МАШИНАТААНУУ, АВТОМАТИКА ЖАНА ГЕОМЕХАНИКА

Илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары: автоматика, энергетика жана кайра жаңылануучу энергия булактары багыты боюнча: - техникалык тутумдарды башкарууну автоматташтыруу жана санариптештирүү (ар кандай техникалык жана энергетикалык объектилер үчүн интеллектуалдык көзөмөл тутумдарын түзүү жана ылайыкташтыруу); - кайра жаңылануучу энергетикадагы инновациялык чечимдер (күн, биогаз жана гидроэнергиянын негизинде технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү, ошондой эле автономдуу энергия тутумдарын түзүү);