АРАБАЕВ ЧОЛПОНКУЛ ИСАЕВИЧ
Туулган күнү: 1957-жылдын 17-сентябры
Туулган жери: Нарын облусу, Тянь-Шань району, Ак-Муз айылы
Улуту: кыргыз
Билген тилдери: кыргыз, орус
Юридика илимдеринин доктору (2005), профессор (2004), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (2021), Россиянын юридикалык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.
1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. 1991-жылы Москва шаарында юридика илимдеринин кандидаты илимий даражасын, 2005-жылы Бишкек шаарында юридика илимдеринин доктору илимий даражасын алган.
Эмгек жолу:
- 1983–1996-жылдары – Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, юридика факультетинин деканы, окуу борборунун директору;
- 1996–1999-жылдары – Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын административдик-укуктук департаментинин кеңешчиси;
- 1999–2001-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция жана демография агенттигинин директору;
- 2001–2002-жылдары – Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары;
- 2002–2003-жылдары – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы (төмөнкү палатасындагы) ыйгарым укуктуу өкүлү;
- 2004-жылдын январынан тартып – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору;
- 2005-жылдын 1-мартынан тартып – ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
- 2010-жылдын апрелинен тартып – Кыргыз Республикасынын Кадр кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу;
- 2010-жылдын 30-апрелинен тартып – Кыргыз Республикасынын Конституциялык кеңешмесинин мүчөсү;
- 2010-жылдын 16-июлунан 2012-жылдын 29-январына чейин – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору;
- 2022-жылы – «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү;
- 2022-жылы – Кыргыз Республикасынын биринчи Элдик курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү;
- 2022-жылдын 22-ноябрынан тартып – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
- Юстициянын мамлекеттик кеңешчиси, 3-класс.
4 монографиянын, 10 окуу китебинин жана окуу куралдарынын автору.
Негизги эмгектери:
- Айыл чарбасындагы кредиттик укук мамилелери. – Бишкек, 1994;
- Жарандык кодекс – рыноктун негизги мыйзамы. – Бишкек, 1995;
- Кредиттөө боюнча жарандык-укуктук келишим. – Бишкек, 2005.