Меню

A A

НЕГИЗГИ ИЗИЛДӨӨ БАГЫТТАРЫ

Илимий изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар коомдун жана мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн экономикалык, социалдык жана башка чөйрөлөрүнүн конкреттүү муктаждыктарына багытталган.
Илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары илимди өнүктүрүүнүн мамлекеттик артыкчылыктуу багыттарына ылайык келет:
 
- Кыргызстандын тарыхы;
- кыргыз тили;
- айл чарба, биологиялык жана азык-түлүк коопсуздугу;
- жашыл экономика;
- саламаттыкты сактоо жана адамдын жашоосунун сапатын жакшыртуу;
- климаттын өзгөрүшү жана экология;
- жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана жашыл каржылоо;
- тышкы карызды жашыл демилгелерге алмаштыруу;
- туруктуу энергетика жана курулуш индустриясы;
- индустрия 4.0;
- борбордук банктардын санариптик валюталары;
- санариптик трансформация.

Физика-техникалык, математикалык жана тоо кен геологиялык илимдер бөлүмүнүн негизги багыттары: белгиленген касиеттери бар материалдарды алуу, плазма, лазердик жана нано-маалыматтык технологиялар, илимий-техникалык жана эл чарба маселелерин чечүү үчүн аэрокосмостук маалыматты пайдалануу, ошондой эле аймактык геология, пайдалуу кендер, физикалык география, геоэкология жана инженердик геология жаатында фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; Тянь-Шандын сейсмикалык режимин жана анын аймактын геодинамикалык өзгөчөлүктөрү менен байланышын изилдөө; сейсмикалык кырдаалды болжолдоо жана күтүлүп жаткан жер титирөөлөрдүн аймактарын картага түшүрүү; техникалык системаларды башкарууну автоматташтыруу жана санариптештирүү (ар кандай техникалык жана энергетикалык объектилерди контролдоонун интеллектуалдык системаларын түзүү жана оптималдаштыруу); энергиянын кайра жаралуучу булактарында инновациялык чечимдер (күн, биогаз жана гидроэнергетикага, ошондой эле автономдуу энергетикалык системаларга негизделген технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү) ж.б. болуп саналат.

Химия-технологиялык, медициналык-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн негизги багыттары болуп табигый дары-дармек өсүмдүктөрүнүн биологиялык активдүү заттарын изилдөө, биологиялык ар түрдүүлүктү комплекстүү изилдөө, табигый биологиялык ресурстарды көбөйтүүнүн, сактоонун жана практикалык пайдалануунун илимий негиздерин иштеп чыгууда активдүү изилдөөлөр саналат; ошондой эле адамдын ден соолугунун жана айлана-чөйрөнүн таасири, Кыргызстандын жаратылыш экосистемасынын түрлөрүнүн ар түрдүүлүгү, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана микроорганизмдердин генетикалык ресурстарын толуктоо, селекциялык ыкмаларды жана биотехнологияны колдонуу менен айыл чарба жаныбарларынын түзүлгөн породаларын сактоо маселелери; мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун чыгаруу, алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана илдеттерин алдын алуу. Айрыкча, экологиялык, биологиялык жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга салым кошкон изилдөөлөргө өзгөчө көңүл бурулат.

Коомдук илимдер боюнча бөлүмүнүн фундаменталдык жана илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары гуманитардык илимдердин кеңири чөйрөсүн камтыйт жана өнүгүүнүн ар кандай этаптарындагы тарыхый-маданий мурастарды, тилди, адабиятты, философияны, укукту жана коомдук-саясий процесстерди изилдөөгө, сактоого жана өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын инновациялык, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн калыптандыруу жана иштөө механизмдерине, заманбап коомдогу социалдык жана саясий процесстерине багытталган.
 
Түштүк бөлүмүнүн фундаменталдык жана илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттары: минералдык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, отундун композиттик жана альтернативдик түрлөрүн иштеп чыгуу, аймактын медициналык-биологиялык көйгөйлөрүн изилдөө, дарыялардын жайылмаларында жайгашкан курулуш материалдарын рационалдуу өздөштүрүү болуп саналат.