ЖОРОБЕКОВА ШАРИПА ЖОРОБЕКОВНА
Туулган күнү: 1945-жылдын 13-январы
Туулган жери: Кыргыз Республикасынын Чүй облусу, Орто-Кайырма айылы
Улуту: кыргыз
Тилдерди билүүсү: кыргыз, орус, англис
1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1969-жылы ушул эле окуу жайдын аспирантурасын бүтүргөн.
1969-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетинде ассистент, окутуучу, улук окутуучу, доцент болуп эмгектенген.
1978–1992-жылдары физикалык жана коллоиддик химия кафедрасын жетектеген.
1992–1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин химия жана химиялык технология факультетинин деканы болгон.
1994–2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технология институтунун директору болуп иштеген.
2003–2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти кызматын аркалаган.
2007–2008-жылдары Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу болгон.
2008–2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп иштеген.
2012–2018-жылдары Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технология институтунун директорунун милдетин аткаруучу болуп эмгектенген.
2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнологиялар институтунун Көмүрдүн жана табигый полимерлердин химиясы лабораториясынын башчысы болуп иштеп келет.
Илимий жетишкендиктери:
Анын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары 300дөн ашуун илимий эмгекте жарыяланган. Алардын ичинде орус жана кыргыз тилдеринде басылып чыккан 19 монография, китеп жана студенттер үчүн окуу-усулдук колдонмолор бар.
20дан ашуун автордук күбөлүктүн жана патенттин ээси.
Илимий изилдөөлөрүнүн натыйжалары АКШ, Япония, Улуу Британия жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүндөгү илимий борборлордо өткөн эл аралык илимий форумдарда баяндалып, кеңири талкууланган.
Анын жетекчилиги алдында 6 илимдин доктору жана 18 илимдин кандидаты даярдалган.
Эң маанилүү илимий эмгектери:
- Гумин заттарынын коваленттик эмес комплекстери (англис тилиндеги монография), LAP LAMBERT Academic Publishing, 2025, 234 бет.
- Көп компоненттүү системада ципрофлоксациндин гумин заттары жана магнетит-кремний нанобөлүкчөлөрү менен өз ара аракеттенүүсү: спектрофотометриялык жана электрокинетикалык изилдөөлөр (2024).
- Ракты дарылоодо нур терапиясы менен химиотерапиянын натыйжалуулугун модификацияланган цитрус пектини жана метформин аркылуу жогорулатуу (2024).
- Кремний менен модификациялоо жана кычкылдандыруунун магнетит нанобөлүкчөлөрүнүн кристаллдык түзүлүшүнө тийгизген таасири (2023).
- Темир оксиддеринин нанобөлүкчөлөрү ферроптозду индукциялоочу системалардын курамы катары (2023).
- Гумин кычкылдарынын коваленттик эмес комплекстери (Бишкек, «Илим», 2021).
- Гумин кычкылдарынын чөйрөсүндө магнетит нанобөлүкчөлөрүн турукташтыруу жана алардын сорбциялык касиеттерин изилдөө (2020).
- Органикалык заттарды анаэробдук биоконверсиялоонун кошумча продуктуларынан өсүмдүктөрдүн өсүшүн стимулдоочу биопрепараттарды алуу (2019).
- Гумин заттарын талдоо ыкмалары (2011).
- Кыргыз Республикасынын кычкылданган көмүрлөрүнөн алынган гумин жер семирткичтери жана өсүү стимуляторлору (2008).
- Органикалык чийки заттарды биоконверсиялоо технологиясы жана алынган продуктулардын курамы (2002).
- Микроорганизмдердин таасири астында топурактагы гумустук заттардын өзгөрүшү (2002).
- Фермент–ингибитордук системалардагы металл иондору (2000).
- Гумин кычкылдарынын негизиндеги иониттер жана металлдардын иониттик комплекстери (1994).
- Гумин кычкылдарынын макролиганддык касиеттери (1986).
Коомдук ишмердүүлүгү - 2.00.01 – органикалык эмес химия, 02.00.03 – органикалык химия жана 02.00.04 – физикалык химия адистиктери боюнча докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештин мүчөсү.
- Биохимия боюнча Европа федерациясынын (FEBS) өкүлдөрүнүн колдоосу менен 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Биохимиялык коому түзүлүп, расмий каттоодон өткөрүлгөн. Коомдун негизги максаты – илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана илим менен өндүрүштүн интеграциясына көмөк көрсөтүү.
- 2011-жылдын 19-майында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышуучу мамлекеттердин өкмөт башчыларынын чечими менен түзүлгөн Фундаменталдык илим жаатындагы кызматташтык боюнча кеңештин түзүлүшүнө катышкан.
- 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын КМШнын Эл аралык инновациялык нанотехнологиялар борборунун уюштуруучуларынын катарына киришине өбөлгө түзгөн.
- Бир нече жыл бою Кыргыз Республикасынын Эл аралык илимий-техникалык борбордогу (ЭИТБ) расмий өкүлү болуп иштеген.
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болгон.
- Гумин заттары боюнча эл аралык коомдун мүчөсү, ошондой эле Таза жана прикладдык химия боюнча эл аралык союздун (IUPAC) аффилирленген мүчөсү.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын институттары менен Европа жана АКШнын алдыңкы илимий борборлорунун ортосунда илимий байланыштарды түзүүгө чоң салым кошкон.
Сыйлыктары:
- 1973-жыл – «1973-жылдагы социалисттик мелдештин жеңүүчүсү» төш белгиси;
- 1977-жыл – Кыргыз Ленин комсомолу сыйлыгы;
- 1982-жыл – «Ардак Белгиси» ордени;
- 1982-жыл – «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси;
- 1993-жыл – Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;
- 1998-жыл – Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Жусуп Баласагын атындагы сыйлыгы;
- 1998-жыл – Америкалык биографиялык институттун «Кесипкөй жана ишкер айымдардын арасында ким?» («Who’s Who of Professional and Business Women») наамы;
- 1998-жыл – «1998-жылдын айымы» наамы;
- 2000-жыл – Америкалык биографиялык институттун «Экинчи миң жылдыктын Алтын артыкчылык медалы»;
- 2003-жыл – «Алтын Фортуна» Эл аралык рейтингдик технологиялар жана социология академиясынын II даражадагы «Ар-намыс. Даңк. Эмгек» Георгий медалы;
- 2004-жыл – «Даңк» медалы;
- 2006-жыл – Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгы;
- 2007-жыл – Россия Федерациясынын Ломоносов ордени;
- 2008-жыл – «Руханият» руханий кайра жаралууга көмөк көрсөтүү ассоциациясынын эл аралык сыйлыгы;
- 2012-жыл – КМШнын мамлекеттер аралык «Шериктештиктин жылдыздары» сыйлыгы;
- 2022-жыл – академик И. К. Ахунбаев атындагы академиялык сыйлык;
- 2025-жыл – Кара-Кыргыз мамлекетинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик төш белгинин ээси.