АКИМАЛИЕВ ДЖАМИН АКИМАЛИЕВИЧ
Туулган күнү: 1936-жылдын 5-майы
Туулган жери: Нарын облусу, Ак-Талаа району, Үгүт айылы
Улуту: кыргыз
Тилдерди билүүсү: кыргыз, орус
Айыл чарба илимдеринин доктору (1981), профессор (1982), Бүткүл союздук айыл чарба илимдер академиясынын (ВАСХНИЛ) академиги (1991), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1993), Россия илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү.
Өсүмдүк өстүрүү жана топурак таануу тармагындагы көрүнүктүү окумуштуу. Агротехника, үрөнчүлүк, кант кызылчасынын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, сугат иштери жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча илимий эмгектердин автору.
1956-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун аяктаган. Окууну бүткөндөн кийин эки жыл «Каракол» совхозунда агроном болуп иштеген. 1958–1961-жылдары аспирантурада окуган.
1962-жылы «Сугат шарттарында жер семирткичтердин ар кандай өлчөмдөрүнүн кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүнө тийгизген таасири» деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.
Эмгек жолу:
- 1962–1963-жылдары – Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун илимий иштер боюнча директорунун орун басары;
- 1963–1968-жылдары – Кыргызстандын кант кызылчасы боюнча тажрыйба-селекциялык станциясынын директору;
- 1968–1971-жылдары – Кыргыз ССРинин айыл чарба министринин биринчи орун басары;
- 1971–1979-жылдары – Кыргызстан Компартиясынын Сокулук райондук комитетинин биринчи катчысы. 1977-жылы райондун колхоздору менен совхоздору 10 миң гектар аянттын ар бир гектарынан орточо 509 центнерден кант кызылчасын алышкан;
- 1979–1986-жылдары – К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ректору;
- 1987–1990-жылдары – Кыргыз топурак таануу илимий-изилдөө институтунун директору;
- 1990–1991-жылдары – Кыргыз ССРинин агроөнөр жай комплексин илимий жактан камсыздоо боюнча республикалык борборунун төрагасы;
- 1991–1992-жылдары – ВАСХНИЛдин Кыргыз бөлүмүнүн төрагасы;
- 1992–2016-жылдары – Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директору;
- 1996–2001-жылдары – Кыргыз агрардык академиясынын (мурдагы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институту) президенти.
Мамлекеттик ишмердүүлүгү:
- 1967–1990-жылдары – Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты;
- 1990–1995-жылдары – Кыргызстандын «легендарлуу парламентинин» – Эл депутаттарынын кеңешинин депутаты;
- 1995–2000-жылдары – Кыргыз Республикасынын Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты.
200дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 15 монографиянын автору.
Сыйлыктары:
- Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты;
- Ленин ордени;
- эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени;
- Октябрь революциясы ордени;
- «Манас» ордени менен сыйланган.