Меню

A A

ЖОГОРКУ БИЛИМДЕН КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ АРКЫЛУУ ИЛИМИЙ ЖАНА ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО

2024-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №358 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жогорку билимден кийинки билим берүү программаларынын алкагында аспирантурада илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону жүргүзөт. Учурда 19 багыт боюнча 74 илимий адистикте кадрлар даярдалат.
 
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жогорку билимден кийинки билим берүү программалары аркылуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндөгү жобо.
2025–2026-окуу жылы үчүн тапшыруучуларга маалымат:
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы аспирантурага 2025–2026-жылдар үчүн документтерди кабыл алуу башталганын маалымдайт. Кирүү экзамендери расмий тилде жүргүзүлөт.
 
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2025-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин.
Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265а. НиМС бөлүмү.
Кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт.
Кирүү экзамендери 2025-жылдын ноябрь айында башталат.
УИА бардык талапкерлер үчүн, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тең укуктуу шарттарды камсыз кылат.
 
Кирүү экзамендеринин программалары*:
 
Аспирантурага кабыл алууну уюштуруу максатында УИАнын президентинин буйругу менен кабыл алуу комиссиясы түзүлөт. Комиссия кирүү экзаменине катышууга уруксат берүү жөнүндө чечим чыгарат.
Комиссиянын курамына тиешелүү илимий профилдеги илим доктору, профессору кирет. Эгерде бул тармактагы илимий докторлор жок болсо, курамга илим кандидаттары, доценттер кириши мүмкүн. Чет тил боюнча экзаменди өткөрүү үчүн тийиштүү тилди жетишерлик деңгээлде билген, бирок илимий даражасы же наамы жок болгон адистер тартылышы мүмкүн.
 
Талапкерлердин жеке жетишкендиктерин эсепке алуу тартиби жөнүндө маалымат
Сынак болгон учурда, илимий негиздери бар жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүккө даярдыгы жогору болгон эң жөндөмдүү талапкерлерди кабыл алуу камсыздалат.
Бирдей сандагы баллга ээ болгон учурда төмөнкү талапкерлерге артыкчылык берилет:
- Кирүү экзамендеринде эң жогорку балл топтогондорго;
- Диссертация темасы боюнча илимий негизи бар (документ түрүндө тастыкталган) талапкерлерге;
- Диссертация темасы боюнча илимий басылмалары бар талапкерлерге;
- Атайын дисциплина боюнча эң жогорку балл алгандарга;
- Кандидаттык минимум экзамендерин тапшыргандарга;
- Бул адистик боюнча иш тажрыйбасы бар талапкерлерге.

Аспирантурага кабыл алуунун тартиби
 
Аспирантурага тапшыруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси*:
4. ЖОЖду аяктаганы тууралуу дипломдун жана кошумча тиркемесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Медициналык адистиктер үчүн — магистратураны аяктагандыгы тууралуу күбөлүктүн нотариалдык көчүрмөсү кошо берилиши керек;
5. Паспорттун көчүрмөсү (аты-жөнү, катталган жери, социалдык камсыздоо бөлүмү боюнча маалыматтар);
6. Илимий изилдөө темасы боюнча илимий басылмалардагы жарыяланган макалалардын болушу;
7. Илимий жетекчинин макулдугу (үлгү);
8. Илимий жетекчи менен маектешүүнүн протоколу;
9. Кандидаттык минимумду тапшырганы тууралуу күбөлүк (эгер тапшырылган болсо);
10. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген жеринен бекитилген);
12. 3x4 см өлчөмүндөгү сүрөттөр — 3 даана;
13. Эгер кирүү экзамендеринде атайын шарттарды түзүү талап кылынса — саламаттыгы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигин ырастаган тийиштүү документ.
 
📌 Паспорт менен дипломдун түп нускасы талапкер тарабынан Илим жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жеке алып келиниши керек.
📌 Кирүү экзаменине уруксат алган талапкерлердин тизмеси “Аспирантурага тапшыруучулар” бөлүмүндө жарыяланат.
 
Аспирантурага тапшыруу үчүн төрт сынак тапшыруу зарыл: мамлекеттик (кыргыз) тили, чет тили, философия жана адистик боюнча дисциплина. Кирүү сынактарын кайра тапшырууга жол берилбейт. Тапшырылган кирүү сынактары календардык жыл ичинде жарактуу.
Сынактар кирүү сынактарынын программаларынын негизинде тапшырылат. Мамлекеттик (кыргыз) тили, чет тили жана философия боюнча программалар бардык тапшыруучулар үчүн жалпы. Адистик дисциплинасы боюнча сынактын программасы тандалган багытка жана даярдоо профилине жараша болот.
 
Кирүү сынактарын ийгиликтүү тапшырган учурда, конкурстан өткөндөр аспирантурага кабыл алынат. Кабыл алуу комиссиясы кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча ар бир талапкер боюнча үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрына чейин чечим чыгарат. Конкурс болгон учурда, илимий негизи бар жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүккө даярдалган эң жөндөмдүү талапкерлерди кабыл алуу камсыз кылынат.
 
Тапшыруучу кирүү сыноосунун жыйынтыгына макул эместиги же аны өткөрүү тартиби бузулгандыгы жөнүндө аппеляция берүүгө укуктуу (сынак өткөрүлгөн күнү).
 
Аспирантурага бюджеттик негизде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрликтери тарабынан бөлүнгөн контролдук кабыл алуу чектеринин чегинде орундарга киришүү сынактарын ийгиликтүү тапшырган жана конкурстан өткөн адамдар кабыл алынат.
 
Келишимдик негизде кабыл алынгандар үчүн кабыл алуу жөнүндө буйрук Илим жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө төлөм жөнүндө финансылык документ тапшырылгандан кийин чыгарылат, ал жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин, ал эми биринчи окуу жылы үчүн үстүбүздөгү жылдын 10-октябрына чейин төлөнөт.

Бюджеттик негизде аспирантурага кабыл алуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына (КР УИА) аспирантурага бюджеттик негизде окутуу үчүн жалпы 5 орун бөлүнгөн. 2025-2026-жылдарга аспирантурадагы орундарды бөлүштүрүү КР УИАнын Президиумунун 2025-жылдын 21-майындагы №16 токтому менен бекитилген КР УИА илимий-изилдөө институттарынын арасында илимдин эң негизги артыкчылыктуу багыттары боюнча жүргүзүлөт.
 
КР УИАнын 2025-2026-жылдарга аспирантурага кабыл алуу планы
(КР УИА Президиумунун 2025-жылдын 21-майындагы №16 токтомуна ылайык)
№ п/п
Адистиктин шифри
Күндүзгү (бюджеттик) орун саны
1
05.14.02 – электростанциялар жана энергетикалык системалар; КР УИАнын Машина таануу, автоматика жана геомеханика институту
1
2
25.00.36 – геоэкология; КР УИАнын М.М. Адышев атындагы Геология институту
1
3
03.02.08 – экология; КР УИАнын Биология институту
1
4
07.00.02 – Ата Мекен тарыхы; КР УИАнын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту
1
5
03.02.14 – биологиялык ресурстар; КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн Медико-биологиялык проблемалар институту
1
 
Жалпы:
5
 
Келишимдик негизде аспирантурага кабыл алуу
КР УИАга аспирантурага кабыл алуу контролдук цифралардан тышкары келишимдик негизде да жүргүзүлөт. Окуу акысы жеке же юридикалык жактар тарабынан төлөнүшү мүмкүн.
Акы төлөнүүчү илимий-билим берүү программалары үчүн тарифтердин прейскуранты
КР УИАга 2025-2026-жылдарга аспирантурага тапшыргандар үчүн адистиктердин тизмеси.