Меню
КООМДУК ИЛИМДЕР БӨЛҮМҮ
КООМДУК ИЛИМДЕР БӨЛҮМҮНҮ

Ч.АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ ТИЛ ЖАНА АДАБИЯТ ИНСТИТУТУ
Изилдөөнүн негизги багыттары: - Кыргыз тил илиминин өнүгүү процессиндеги интеграция жана дифференциация: тарыхы, учурдагы абалы. - КР мамлекеттик тилинин коомдун маанилүү чөйрөлөрүндө колдонулушу - Айтматов энциклопедиясы (Ч.Айтматовдун 100 жылдыгына карата) - Кол жазмаларын экспертизанын жаңылык методдору жана илимий сүрөттөмөлөр - Кыргыз мифологиясынын сөздүгү - Эгемендик мезгилдеги кыргыз адабияты
КР УИАНЫН АКАДЕМИК А.А. АЛТМЫШБАЕВ АТЫНДАГЫ ФИЛОСОФИЯ ИНСТИТУТУ
Илимий изилдөөнүн негизги багыттары: • Болмуштун фундаменталдык негиздерин жана чындыктын маңызын изилдөө; • Санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн философиялык аспектилери, жасалма интеллекттин этикасы жана философиясы; • Санариптик доордо аң-сезим, ой жүгүртүү жана трансгуманизм маселелери. • Ар түрдүү диний тутумдарды, ишенимдерди жана руханий салттарды изилдөө;
КР УИАНЫН Б.ЖАМГЕРЧИНОВ АТЫНДАГЫ ТАРЫХ, АРХЕОЛОГИЯ ЖАНА ЭТНОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ
Изилдөөлөрдүн негизги багыттары: Кыргызстандын тарыхый-маданий өнүгүшү: байыркы доордон азыркы учурга чейин: - 1924-жылдан азыркы күнгө чейинки Кыргыз мамлекеттүүлүгү: калыптануу жана өнүгүү баскычтары - Кыргыздардын көчмөн мамлекеттүүлүгү: жалпы мүнөздөмөлөрү жана өзгөчөлүктөрү - Чарбалык, социалдык-маданий салттуулук жана учурдагы жараяндар, Кыргызстандын Борбордук Азия өлкөлөрү менен мамилеси: учурдагы абалы жана келечеги

МАМЛЕКЕТ ЖАНА УКУК ИНСТИТУТУ
Негизги багыттар: - Азыркы чакырыктар жана коркунучтар шартында мамлекеттин жана коомдун өнүгүү маселелери. - Кыргыз Республикасынын укуктук көйгөйлөрү заманбап шарттарда. - Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана илимий экспертиза (2023-2028-жылдар).

КР УИА САЛТТУУ МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ
Негизги изилдөө багыттары: Кыргыздардын жана дүйнөдөгү этностордун жана элдеринин салттуу маданияты; Бардык багыттар боюнча искусство; Фольклор, оозеки жана профессионалдык музыка.