Меню
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ ИЛИМИЙ ИНСТИТУТТАРДЫ КЫДЫРЫШТЫ
Кечээ, 12-ноябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Геология, Химия, Биология, Биотехнология жана Физика институттарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жумушчу тобу менен бирге депутаттар Токтобүбү Ашымбаева, Нуржамал Торобекова, Илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин орун басары Лира Сулайманова «Илим жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзамдарынын аткарылышына жүргүзүлүп жаткан мониторингдин алкагында институттардын ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында келишти. Депутаттар Химия институтунун кызматкерлери менен жолугушуп, Кыргызстандагы алтынга тете дары өсүмдүктөрдүн, жер-жемиштердин, табигый дары чөптөрдүн кургатылган курамын, алардан жасалган самындарды көрүшүп, өндүрүшкө керектүү жабдуулардын жетишсиздигин, Кыргызстандын атласын жаңылап чыгаруу керектигин угушту. Биология институтунда өсүмдүктөрдүн атайын жыйналып, кургатылган коллекциясы залына киришип, алардын негиздемелерин китеп кылып чыгаруу, санарипке өткөрүү керектигин, бир топ жабдуулардын жетишпегендигин билишти. Биотехнология институту менен Физика институтунда жасалып жаткан иштерди жеринде көрүшүп, кандай долбоорлор менен иштеп жатышканын угушуп, кандай маселелер бар экенин жазып алышты.
Депутаттар Химия институтунун китепканасына, Биология институтунун жаңыланган жаныбарлар музейине да киришип, жакшы иштердин жасалып жатканын көрүп чыгышты. Алар Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттарынын негизги багыттарын, учурдагы көйгөйлөрүн жана мындан ары кароону талап кылган актуалдуу маселелерин жазып алышты.
Мындай демилге дагы уланмакчы. Эмки жумада Жогорку Кеңештин депутаттары башка илимий институттарды кыдыруу үчүн келишет.