Меню

A A
ТОКОЙ ӨСҮМДҮКТӨРҮНӨ НЕГИЗДЕЛГЕН МЕТОДИКА

ТОКОЙ ӨСҮМДҮКТӨРҮНӨ НЕГИЗДЕЛГЕН МЕТОДИКА

Бүгүн, 11-ноябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын П.А.Ган атындагы илимий-өндүрүштүк токой борбору «Сел жүрүү коркунучу бар аймактарда коргоочу токой өсүмдүктөрүн жана жаратылышка негизделген чечимдерди түзүү методикасы» аталышындагы долбоорду талкуулоо боюнча жумушчу семинар уюштурду. Ага КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматынын адистери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, кызыкдар тараптар катышты.
Семинар «Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү» (RESILAND CA+) долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоордун буйрутмачысы — КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, аткаруучусу — КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын П.А. Ган атындагы илимий-өндүрүштүк Токой борбору болду.
Семинардын максаты — токой чарбасынын практикалык тажрыйбасын эске алуу менен Методиканын жоболорун карап чыгуу, коргоочу токой өсүмдүктөрүн түзүү, токойлорду табигый жол менен калыбына келтирүү, бадал баскан жайыттарга токой породаларынын уруктарын себүү жана агротокой чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча технологиялык ыкмаларды талкуулоо.

Сүрөттөр