Меню
ЭЛДИН ЖАН ДҮЙНӨСҮНДӨ ЖАШАГАН ҮН
Кыргызстандык белгилүү ырчы Роза Аманова Аланья шаарында өткөн эл аралык иш-чарада искусство тармагындагы Küresel Sanat Ödülü – Глобалдык искусство сыйлыгына татыды.
2026-жылдын 9-ноябрында Түркиянын Аланья шаарында Дүйнөлүк журналисттер кеңешинин Бүткүл дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын жолугушуусунун алкагында алтынчы жолу уюштурулган «Глобалдык ийгилик сыйлыктарын» (Küresel Başarı Ödülleri) тапшыруу аземи болуп өттү.
Бул кечте бир сахнада Косовонун мурдагы президенти Вьоса Османи, легендарлуу футбол машыктыруучусу Фатих Терим, TRT Avaz телеканалынын өкүлдөрү жана дүйнөнүн 32 өлкөсүнөн келген калемгерлер турушту. Алардын арасында бүткүл түрк дүйнөсүнө таанымал болгон үн ээси – кыргызстандык белгилүү ырчы Роза Аманова да бар эле.
Салтанатта Роза Амановага Глобалдык искусство сыйлыгы тапшырылды. Бул жөн гана сыйлык эмес. Бул – миң жылдык тарыхты, элдин мурасын жана руханий дүйнөсүн сактап келген кайталангыс үнгө берилген жогорку баа.
Роза Аманова – Кыргыз Республикасынын эл артисти (2009), Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1998), Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2011), искусство таануу илимдеринин доктору, профессор.
Эми анын өнөрү Түркиянын Аланья шаарында дүйнөлүк деңгээлде бааланып, 32 өлкөдөн келген 350 журналисттин алдында жогору баага татыды.
Анткени Роза Аманова ырдаганда – бүтүндөй элдин үнү жаңырып, улуттун тарыхы, тагдыры жана жан дүйнөсү ырдайт.