Меню
ИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР КУТ БОЛСУН!
Урматтуу окумуштуулар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан 10-ноябрь — Илим күнү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Илим — коомдун өнүгүшүнүн негизги кыймылдаткыч күчү, мамлекеттин интеллектуалдык дараметинин жана көз карандысыздыгынын тиреги. Ар бир доордо окумуштуулардын ачкан жаңылыктары, тынымсыз эмгеги жана изденүүлөрү коомчулуктун турмуш-тиричилигин жакшыртууга, экономикабызды түптөөгө жана улуттук баалуулуктарыбызды сактоого зор салым кошуп келген.
Бүгүн өлкөбүздө илим чөйрөсүнө өзгөчө көңүл бөлүнүп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун түз колдоосу менен Улуттук илимдер академиясынын имараты жаңыланды, жаңы эмеректер, заманбап технологиялар алынууда. Бөлүнүп жаткан каражаттардын саны өсүп, мурда бөлүп көрбөгөндөй көңүл бурулууда. “Илим жөнүндө”, “Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамдар кабыл алынып, жаңы багыттарга бет алдык. Финансылык автоном укугу берилип, ар бир илимий-изилдөө мекемеси өзү тапкан каражатын өзү иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Азыркы учурда Ата Мекендик изилдөөлөрдү жаңы деңгээлге чыгаруу, илим менен өндүрүштү айкалыштыруу жана жаш адистерди илимге тартуу багытында чечкиндүү кадамдар жасалууда. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин БУУнун трибунасында дүйнө элинин көңүлүн Ысык-Көлгө буруп, көлдү биргеликте сактап калуу маселесин көтөргөндөн кийин Улуттук илимдер академиясы “Ысык-Көлдү сактайбыз” аталышында долбоорлорду баштадык.
Алдыда биз жасай турган иштер арбын, идеялар көп. Андыктан биз биргеликте жаңы илимий иштерди жаратып, турмушка ашырууга биргеликте белсенишибиз керек. Улуттук илимдер академиясынын жамааты өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө, фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү байытууга өзүнүн татыктуу салымын кошо алат деп терең ишенем.
Ар бириңиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жаңы илимий ийгиликтерди каалайм! Изилдөөлөр өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүшүнө кызмат кыла берсин!
Урматтоом менен,
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев