Меню

A A
ИЛИМДИ КОЛДОО – КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ САЛЫНГАН ИНВЕСТИЦИЯ

ИЛИМДИ КОЛДОО – КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ САЛЫНГАН ИНВЕСТИЦИЯ

Бүгүн, 10-ноябрь Илим күнүнө карата Улуттук илимдер академиясында салтанаттуу жыйын болду. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев, КР УИАнын академиктери, илимий институттардын директорлору, жалпы окумуштуулар катышты.
“Биз инновациялык жолго өтүүдө илимдин жигердүү дараметин өнөр жайдын жана бизнестин маанилүү фактору катары карап, көз карашыбызды өзгөртсөк, Ата Мекендик илимдин статусун кайрадан жогорулатууга кадам таштаган болобуз. Бул үчүн колдоолор бар. Бүгүн күнүмдүк технологиянын тез өзгөрүү доору башталды – жасалма интеллект, биотехнологиялар, алдыңкы материалдар, климаттык изилдөөлөр, экономикалык секириктер коомду тез өзгөртүп жатат. Бул өзгөрүүлөрдү тез кабылдап, өз өмүрүн жаңы илимдерди изилдөөгө, интеллектуалдык эмгеги менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошууга даяр илимпоздор иштеп жатышат.
Өз илимин өнүктүрбөгөн мамлекет башка мамлекеттердин технологияларына, билимдерине, интеллектуалдык ресурстарына көз каранды болот. Андыктан, илимди колдоо – жөн гана окумуштууларды колдоо эмес, Кыргыз Республикасынын келечегине салынган инвестиция деп билебиз. Азыр Улуттук илимдер академиясында бир катар жаңы жумуштар жасалып жатат, жаңы лаборатотория, илим борбору жана биринчи жолу академиянын алдында стартап түзүлдү. Учурда академиянын алдында санариптик платформа иштелип чыгууда. Бул платформа ар бир институттун ишмердүүлүгүнө көз салууга, ишине талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Бардыгыңыздарды бүгүнкү Илим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм”, - деди КР УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев.
Андан соң КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов мындай деди: “Мамлекет илимден өлкөнүн өнүгүү багыттарын илимий жактан негиздөөнү, келечектеги тобокелдиктерди алдын алууга жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга практикалык сунуштарды берүүнү күтөт. Өзгөчө көңүл бурууга тийиш болгон багыттар: мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоо, Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо, энергетика, айыл чарбасы, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана биотехнологиялар. Бүгүнкү фундаменталдык изилдөөлөр эртеңки ири ачкычтардын жана технологиялык жетишкендиктердин пайдабулы. Илимдин өнүгүшүндө илим менен бизнестин кызматташтыгы да өзгөчө мааниге ээ. Илимий мекемелер бизнес өкүлдөрү менен байланышын күчөтүүсү зарыл. Бул кошумча инвестицияларды тартууга, лабораторияларды жаңылоого, жаш изилдөөчүлөрдү колдоого, жаңы илимий долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөт.
Урматтуу окумуштуулар жана илим тармагынын кызматкерлери. Сиздерди Илим күнү менен куттуктап, баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат жашоо, жаңы ачылыштардын болушун жана ийгиликтерди каалайм”.
Андан соң КР УИАнын академиктери Абдыганы Эркебаев, Миталип Мамытов, Алтай Бөрүбаевдер академиянын тарыхына, азыркы өнүгүп бараткан жалпы абалына токтолушуп, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Жыйындын аягында КР УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Улуттук илимдер академиясынын кире беришинде илимий-изилдөө мекемелеринин чыгарган продукцияларынын, жетишкендиктеринин көргөзмө-жарманкеси уюштурулду.

Сүрөттөр