Меню

A A
ИЛИМ – ИННОВАЦИЯ – ПАТЕНТ: ИЗИЛДӨӨДӨН ТЕХНОЛОГИЯЛАРГА ЧЕЙИН

ИЛИМ – ИННОВАЦИЯ – ПАТЕНТ: ИЗИЛДӨӨДӨН ТЕХНОЛОГИЯЛАРГА ЧЕЙИН

Ушундай темада бүгүн академияда илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аны УИАнын Геология институту уюштурду. Конференцияга КР УИАнын башкы илимий катчысы Айнура Адиева, КР Илим, жогорку билим, инновация министрлигинин экспертиза башкармалыгынын башчысы Тимур Адилов, Ойлоп табуучулукту колдоо боюнча Корея ассоциациясынын (KIPA) өкүлү Ким Хаын, Кореянын илим жана технология институтунун доктору Чон Сон Пиль (KIST) жана онлайн форматта чет элдик окумуштуулар да катышты.
“Бүгүнкү жолугушуу өзгөчө маанилүү темага – илимдин, инновациялардын жана патенттөө ишмердигинин өз ара байланыш маселесине арналды. Азыркы шартта илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары илимий басылмаларда жана лабораторияларда гана калбастан, иш жүзүндө колдонулуп, коомдун жана экономиканын талаптарына жооп берген жаңы технологияларга айланганда өзгөчө баалуулукка ээ болот.
Ошондуктан интеллектуалдык менчикти коргоо, илимий иштеп чыгууларды патенттөө жана аларды андан ары коммерциялаштыруу маселелери өлкөбүздүн илимий-технологиялык дараметин өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ.
КР УИАнын М.М.Адышев атындагы Геология институту үчүн бул долбоорго катышуу өзгөчө мааниге ээ. Геология илими минералдык-чийки зат ресурстарын изилдөө менен гана чектелбестен, актуалдуу экологиялык жана социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган жаңы материалдарды жана технологияларды иштеп чыгуу үчүн да зор мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Мындай багыттардын бири – «Туруктуу жашыл экономикага карай жол: табигый глауконит минералынын негизинде саркынды сууларды оор металлдардын иондорунан тазалоочу эко-сорбент» аттуу биргелешкен долбоор. Долбоордун негизин Кыргызстандын жаратылыш минералдык чийки заттарын сарамжалдуу пайдалануу аркылуу экологиялык багыттагы технологиялык чечимдерди иштеп чыгуу идеясы түзөт. Биз глауконитти илимий кызыгууну жараткан табигый минерал катары гана эмес, саркынды сууларды тазалоодо жана өндүрүштүк ишмердүүлүктүн айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууда колдонууга мүмкүн болгон натыйжалуу сорбциялык материалдарды иштеп чыгуу үчүн дараметтүү негиз катары карайбыз.
Долбоордун өзгөчө маанилүү жагы – анда фундаменталдык геологиялык изилдөөлөр, прикладдык иштеп чыгуулар, заманбап илимий-технологиялык ыкмалар жана интеллектуалдык менчикти коргоо маселелери өз ара айкалышкан.
Корея Республикасынын тажрыйбасы, алардын инновацияларды колдоо, патенттөө жана илим менен өнөр жайдын өз ара кызматташуусун камсыз кылуу боюнча өнүккөн системасы өзгөчө баалуу. Долбоорду ишке ашырууга, билим жана тажрыйба алмашууга, эл аралык илимий кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө кошкон KIPA жана KIST уюмдарынын салымын жогору баалайбыз”, - деди КР УИАнын М.М.Адышев атындагы Геология институтунун директору Айзек Бакиров.

Сүрөттөр