Меню
КЫТАЙДА ӨТҮП ЖАТКАН ЧОҢ КОНФЕРЕНЦИЯГА МАТЕМАТИКА ЖАНА ГЕОЛОГИЯ ИНСТИТУТУНУН ОКУМУШТУУЛАРЫ КАТЫШУУДА
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын үч кызматкери - Математика институтунун директору Зууракан Каденова, аталган институттун улук илимий кызматкери Нурлан Саитов жана Геология институтунун улук илимий кызматкери Элдияр Дуулатовдор 2026-жылдын 10–16-ноябрь күндөрү Кытай Эл Республикасындагы Шаньдун илим жана технология университети (Shandong University of Science and Technology, SDUST) тарабынан уюштурулуп жаткан «Интеллектуалдык эсептөөлөрдүн дисциплиналар аралык интеграциясы» (Cross-boundary Integration of Intelligent Computing) аттуу эл аралык академиялык конференцияга жана бир катар тажрыйба алмашуу иш-чараларына катышууда.
Эл аралык илимий форумга дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүнөн алдыңкы окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана илимий-билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жалпысынан 2000ден ашуун окумуштуу жана эксперттер чогулган. Катышуучулардын арасында математика, жасалма интеллект, теориялык жана прикладдык илимдер тармагындагы белгилүү окумуштуулар жана Нобель сыйлыгынын лауреаты бар. Мындай жогорку деңгээлдеги катышуучулардын курамы иш-чаранын эл аралык илимий макамынын бийиктигин айгинелейт.
Конференциянын негизги программасы Кытайдын эки ири илимий-технологиялык борбору — Шанхай жана Циндао шаарларында өтүүдө. Шанхай шаарында конференциянын расмий ачылыш аземи болуп, анын алкагында тематикалык жана илимий баяндамалар жасалды.
Ал эми Циндао шаарында Кытайдын алдыңкы өнөр жай ишканаларына жана илимий-изилдөө борборлоруна, анын ичинде Haier, Hisense, Aucma жана башка уюмдарга таанышуу сапарлары уюштурулууда. Мындан тышкары, жасалма интеллекттин алдыңкы технологияларына арналган атайын форум, академиялык жолугушуулар, жаш окумуштуулар менен тажрыйба алмашуу иш-чаралары, биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун тандоо боюнча сессиялар, университеттердин жана өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болууда. Конференциянын жабылыш аземи ушул Циндао шаарында өткөрүлөт.
КР УИАнын делегациясынын катышуусунун маанилүү жыйынтыктарынын бири — кытайлык өнөктөштөр менен кызматташтык жөнүндө макулдашууларга кол коюлушу болду. Жетишилген келишимдер эл аралык илимий байланыштарды өнүктүрүүгө, биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга, окумуштуулар жана жаш изилдөөчүлөр менен тажрыйба алмашууга, биргелешкен илимий иш-чараларды өткөрүүгө, жасалма интеллект, прикладдык математика, математикалык моделдөө жана интеллектуалдык эсептөөлөр жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталды.
Мындай деңгээлдеги эл аралык илимий конференцияга КР УИАнын эки илимий мекемесинен катышуусу Ата Мекендик илимди дүйнөлүк аренада таанытууда, өлкөнүн илимий дараметин чыңдоодо, инновациялык технологияларды өнүктүрүүдө жана кыргызстандык окумуштуулардын дүйнөлүк илимий мейкиндикке интеграциялануусунда маанилүү кадам болуп саналат.