Меню
ЖЕТЕКЧИ ЖАЛАЛ-АБАД ИЛИМИЙ БОРБОРУНДА БОЛДУ
2026-жылдын 25-июнунда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти, биология илимдеринин доктору, корреспондент-мүчө Бекмамат Дженбаев Жалал-Абад илимий борборунун илимий кызматкерлери менен расмий жолугушуу өткөрдү.
УИАнын президенти илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, илимий натыйжаларды өндүрүшкө жана практикага киргизүү, жаш окумуштууларды колдоо жана эл аралык гранттык долбоорлорго активдүү катышуу зарылдыгын, аймактык илимий борборлордун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын күчөтүүгө көңүл буруу керектигин белгиледи.
КР УИАнын президенти илимий борбор менен жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, жаш окумуштууларды даярдоо жана чарбалык иштерди өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасын берип, илимий ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы демилгелерди практикага киргизүү боюнча иштерди күчөтүүнү сунуштады.
Жолугушууда илимий кызматкерлер жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртуу жана практикалык маанисин арттыруу боюнча өздөрүнүн сунуштарын жана көйгөйлөрүн ортого салышты.
Өзгөчө көңүл өлкөнүн уникалдуу жаратылыш мурасы болгон жаңгак-мөмөлүү токойлорду сактоо жана аларды илимий негизде коргоо маселелерине бурулду. Илимий борбордун базасында заманбап in vitro лабораториясын уюштуруу жана өсүмдүктөрдүн баалуу, жоголуп бара жаткан түрлөрүн көбөйтүү үчүн адаптациялык күнөскана куруу маселеси көтөрүлдү. Белгиленгендей, мындай лаборатория жаңгак-мөмөлүү токойлордун генетикалык фондун сактоого, сейрек кездешүүчү жана эндемикалык өсүмдүктөрдү микроклоналдык көбөйтүү аркылуу калыбына келтирүүгө, айыл чарба жана токой чарбасы үчүн сапаттуу көчөт материалдарын даярдоого кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
Андан сырткары, энергетика багытындагы илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, адистердин кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, алардын заманбап технологияларды өздөштүрүүсүнө шарт түзүү, кайра жаралуучу энергия булактары боюнча илимий долбоорлорду ишке ашыруу программаларына катышуу маселелери боюнча сунуштар айтылды.
Жолугушууда илимий кызматкерлер эл аралык рейтингдүү журналдарда илимий макалаларды жарыялоо маселесине да өзгөчө токтолушту. Алар макалаларды жарыялоодо пайда болгон каржылык жана уюштуруучулук кыйынчылыктар боюнча суроолорун берип, авторлорго көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоону күчөтүү, басылмалардын чыгымдарын каржылоого көмөк көрсөтүү, дүйнөлүк маалымат базаларына кирген журналдарда жарыялоону стимулдаштыруу боюнча сунуштарын билдиришти.
Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча кеңири жооп берип, алардын ар бири академиянын жетекчилигинин көзөмөлүндө болорун белгиледи.
Жолугушуунун соңунда көтөрүлгөн сунуштарды ишке ашыруу боюнча тиешелүү сунуштарды даярдоо, мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү, илимий борбордун өнүгүүсүнө багытталган конкреттүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.