Меню
ЫСЫК-КӨЛДӨ КЫРГЫЗ-РОССИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору Зууракан Каденова Ысык-Көлдө өтүп жаткан VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумуна жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясына катышууда.
Форумду Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ачты. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин форумдун катышуучуларына онлайн форматта видео кайрылуу жасады.
Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, эки өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, өнүктүрүү институттарынын, илимий жана эксперттик коомчулуктун, бизнес чөйрөсүнүн, ЖОЖдордун жана илимий мекемелердин өкүлдөрү катышууда.
Математика институтунун директору Зууракан Каденова «Кыргызстан – регионалдык хаб: транспорттук коридорлор жана логистикалык дарамет» аттуу панелдик сессияга катышууда.
Панелдик сессияда эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өркүндөтүү, транспорт тармагын санариптештирүү, Кыргыз Республикасынын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана транспорт системасын башкарууда заманбап илимий ыкмаларды колдонуу маселелери талкууланууда.
Өз сөзүндө Зууракан Каденова Кыргыз Республикасын регионалдык транспорттук хаб катары өнүктүрүүгө багытталган санариптик экономикалык-математикалык моделди түзүү боюнча Математика институтунун илимий иштелмелерин сунуштоодо. Бул модель транспорт агымдарын талдоо жана болжолдоо, мультимодалдык логистикалык түйүндөрдү оптималдаштыруу, транспорттук коридорлордун натыйжалуулугун баалоо жана стратегиялык башкаруу чечимдерин илимий негиздөө үчүн иштелип чыгууда.
Институттун окумуштуулары математикалык моделдөө, жасалма интеллект, чоң маалыматтарды талдоо жана санариптик технологиялардын негизинде транспорттук процесстерди оптималдаштыруу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө.
Форум илим, мамлекеттик башкаруу жана бизнес чөйрөлөрүнүн кызматташтыгын чыңдоого, кыргыз-россиялык илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өлкөнүн стратегиялык долбоорлорун ишке ашырууга, заманбап математикалык моделдөө ыкмаларын колдонууга өбөлгө түзөт.