Меню

A A
ИЛИМ ӨЗ КАРЖЫСЫН ӨЗҮ ИШТЕТҮҮ АРАКЕТИНДЕ

ИЛИМ ӨЗ КАРЖЫСЫН ӨЗҮ ИШТЕТҮҮ АРАКЕТИНДЕ


30-июлда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында тармактык мамлекеттик органдарга жана жогорку окуу жайларына караштуу илимий-изилдөө мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өттү.
Кеңешмеге онлайн жана офлайн форматта илим изилдөө институттарынын, министрликтерге жана ведомстволорго караштуу илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын 100дөн ашуун өкүлү жана бухгалтердик кызматтардын кызматкерлери катышты.
Кеңешменин негизги максаты КР Президентинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги №135 «Илимий ишмердүүлүктү реформалоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга байланыштуу алдыдагы милдеттерди талкуулоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.
УИАнын вице-президенти Г.Т. Ботоканова белгилегендей, аталган Жарлык илимий мекемелерге каржылык автономия берип, илимий-өндүрүштүк ишмердүүлүктөн каражаттарды өз алдынча табууга жана өзү пайдаланууга укук берет. Бүгүнкү күндүн негизги чакырыгы – илимдин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана Кыргызстандын технологиялык эгемендүүлүгүн камсыздоого салым кошуусун камсыз кылуу.
Илим министринин орун басары Л.С. Сулайманова «Илимдин каржылык автономиясы. КР Президентинин №135 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча министрликтин практикалык позициясы» аттуу баяндама жасап, Жарлыкты ишке ашыруунун негизги багыттарына, аны аткаруу механизмдерине жана күтүлүп жаткан өзгөрүүлөргө токтолду. Кеңешменин жүрүшүндө Жарлыктын негизги максаттарына өзгөчө көңүл бурулуп, ата мекендик илимдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, илим, билим берүү жана өндүрүштүн интеграциясын чыңдоо, илимий ишмердүүлүктү башкаруу системасын оптималдаштыруу маселелери белгиленди.
Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзам үстөмдүгү институтунун директору А. Джаркынбаев Жарлыкты ишке ашырууга байланышкан укуктук түшүндүрмөлөрдү берип, практикалык сунуштарын айтты. Катышуучулар каржылоо, отчеттуулук жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын уюштуруучулук маселелери боюнча суроолоруна жооп алышты.
Алар Жарлыкта коюлган милдеттерди практикалык жактан ишке ашыруу механизмдерин жана ченемдик укуктук актыларды жаңы талаптарга ылайык келтирүү маселелерин талкуулашты.
Кеңешменин жыйынтыгында илим тармагындагы мекемелер аралык өз ара кызматташууну чыңдоого, реформаларды натыйжалуу ишке ашырууга жана Жарлыкта каралган милдеттерди өз убагында аткарууга багытталган сунуштар иштелип чыкты.

Сүрөттөр