Меню

A A
КӨҢҮЛ АЙТЫП, САБЫРДУУЛУК КААЛАЙБЫЗ

КӨҢҮЛ АЙТЫП, САБЫРДУУЛУК КААЛАЙБЫЗ


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын жамааты академик Миталип Мамытович Мамытовго сүйүктүү кызынын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Перзенттен айрылуу – адам өмүрүндөгү эң оор жана орду толгус жоготуу. Бул оор кайгынын азабын тең бөлүшүп, Сизге жана үй-бүлөңүзгө терең кайрат, чыдамкайлык каалайбыз.
Маркумдун жаркын элеси туугандарынын, жакындарынын жана аны тааныгандардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Кайгыңыздарды тең бөлүшүп, орду толгус оор жоготууга терең көңүл айтып, Сизге жана жакындарыңызга сабырдуулук каалайбыз.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын эмгек жамааты