Меню

A A
АЛТЫГАНА ЭМИ МАЛ ТОЮТУ БОЛОТ

АЛТЫГАНА ЭМИ МАЛ ТОЮТУ БОЛОТ

Жайыл районунун Суусамыр аймагындагы жайыттарда көйгөйгө айланган алтыгана бадалдарын мал тоюту катары пайдалануу боюнча жыйын 22-июлда Суусамырда болуп өттү.
Иш-чара Борбордук Азиянын экологиясын жана айлана-чөйрөнү илимий-изилдөө борбору тарабынан уюштурулуп, ага КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев, КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Мыктыбек Каландаров, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, борбордун кытай тараптагы теңтөрагасы Ли Яомин жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө борбордун теңтөрагасы Саламат Абдыжапар уулу алтыгананы мал тоюту катары пайдалануунун технологиясы, аны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү жана долбоордун алдыдагы этаптары тууралуу баяндама жасады.
Министрликтердин өкүлдөрү буга чейин алтыгананы жок кылуу маселеси гана көтөрүлүп келгенин белгилешип, эми аны пайдалуу тоютка айландыруу боюнча долбоор мамлекеттик деңгээлде колдоого алынып жатканын айтышты.
Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев алтыгана маселеси көп жылдан бери чечилбей келгенин белгилеп, илимпоздор менен адистердин биргелешкен ишинин натыйжасында жаратылышка, жайыттарга жана жергиликтүү элге пайдалуу чечим сунушталганын билдирди.
Жыйын суроо-жооп форматында уланып, жергиликтүү тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сунуштарын айтышты.
Иш-чаранын соңунда Борбордук Азиянын экологиясын жана айлана-чөйрөсүн илимий-изилдөө борбору тарабынан Суусамыр аймагында алтыгананы мал тоюту катары кайра иштетүүгө арналган атайын аппарат-жабдуулардын ачылыш аземи өткөрүлдү.
Катышуучулар борбордун Суусамыр өрөөнүндөгү эксперименталдык аянтчасына барып, алтыгананы кайра иштетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан илимий иштер менен таанышышты.

Сүрөттөр