Меню

A A
СЕМ ХЬЮСТОН УНИВЕРСИТЕТИНЕН КЕЛДИ

СЕМ ХЬЮСТОН УНИВЕРСИТЕТИНЕН КЕЛДИ

23-июлда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев, вице-президенти Гүлнара Ботоканова АКШнын Сем Хьюстон мамлекеттик университетинде (Sam Houston State University) инженерия багытында эмгектенип жаткан мекендешибиз, профессор Улан Дакеев жана Улуттук илимдер академиясынын Жаш окумуштуулар кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушту.
Анда жаш окумуштууларды колдоо, алардын илимий дараметин өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу маселелери кеңири талкууланды.
Жакында Улуттук илимдер академиясы менен Сем Хьюстон мамлекеттик университетинин ортосунда илимий кызматташтык боюнча макулдашуу түзүлмөкчү. Келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралат.
Жолугушуунун соңунда тарых илимдеринин кандидаты Тыныстан Арзыбаев конокторду Улуттук илимдер академиясында сакталган археологиялык жана тарыхый баалуу экспонаттар менен тааныштырып, алардын тарыхый мааниси тууралуу кеңири маалымат берди.
Мындай жолугушуулар эл аралык илимий байланыштарды чыңдоого, жаш окумуштуулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана Кыргызстандын илимий коомчулугунун дүйнөлүк илим мейкиндиги менен кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Сүрөттөр