Меню
"АКЫЛМАНДА" ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР ДОЛБООР ДАЯРДАШТЫ
2026-жылдын 6-19-июль күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы «Акылман» президенттик лицейинде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын эл аралык илимий-билим берүү лагери (SCO Young Scientists Camp 2026) болуп өттү.
Лагердин жабылуу аземи 19-июль күнү болуп, ага КР Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Гүлнара Ботоканова жана илимий институттун директорлору катышып, лагердин катышуучуларына ийгиликтерди каалап, илимий кызматташтыктын маанисине токтолушту.
КР Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган эл аралык лагерь Кытай Эл Республикасы, Россия Федерациясы, Өзбекстан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Кыргыз Республикасынын жаш окумуштууларын, профессорлорун, илимий жетекчилерин жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.
Эки жума бою эл аралык командалардын курамында КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери аталган багыттар боюнча насаатчылык жана илимий координатордук милдетти аткарып, жыйынтыгында долбоорлорду жана илимий макалаларды даярдашты.
Алар - Аламанова Эльмира, Химия жана фитотехнология институтунун улук илимий кызматкери, КР Президентине караштуу Жаш окумуштуулар кеңешинин төрайымы, х.и.к. Экологиялык химия (Environmental Chemistry) багытында «Сууну оор металлдардан тазалоо үчүн көмүртектүү адсорбенттерди синтездеп алуу» долбоору;
Хайдаров Бактияр – КР УИАнын академик Ж.Жээнбаев атындагы Физика институтунун улук илимий кызматкери, физ.-мат.и.к. Алмаштыруучу энергия (Renewable Energy) багыты боюнча «Шамал турбиналарынын биомиметикалык канаттарын (лопасттарын) долбоорлоо жана сыноо» долбоору;
Нурканбек кызы Айганыш – КР УИАнын Биология институтунун илимий кызматкери, Биомедицина (Biomedicine) багыты боюнча «Бактериалдык биоплёнкалардын антибиотиктерге туруктуулугун (резистенттүүлүгүн) изилдөө» долбоору;
Темиркулов Марсель – КР УИАнын Математика институтунун илимий кызматкери. Астрономиялык маалыматтар илими (Astro-Data Science) боюнча «NASA маалыматтарынан планеталарды издөө үчүн терең үйрөтүүнү колдонуу» долбоору.
Лагердин жыйынтыгында КР Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматованын ыраазычылык каттары менен сыйланышты.