Меню
ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨРДҮ АНЫКТООЧУ СЕЙСМОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ КАНДАЙ ИШТЕП ЖАТАТ?
Союз учурунда 1952-жылы Фрунзеде геофизика сектору түзүлүп, анда болгону үч адам иштеген. 1960-жылы сейсмология бөлүмү математика институтунун алдында түзүлгөн. 1963-жылы геология институтунун алдында болгон.
1975-жылы 20-январда Кыргыз ССР илимдер академиясынын Сейсмология институту болуп өзүнчө түзүлгөн. Кыргызстандагы катуу, орточо жана майда жер титирөөлөрдү жазып, сактап, божомолдоп, аныктап келаткан өзгөчө институт. 1979-жылы институттун алдында тажрыйба-методологиялык сейсмикалык экспедиция түзүлүп, кийин Сейсмология институтуна бириккен. Сейсмолог илимпоздордун билдирүүсүндө өлкөбүздүн бардык жеринде жер титирөөлөр болгон, бир гана Ысык-Көлдүн ичинде жана Кытай менен чектешкен Аксай ойдуңунда гана жер титирөө болгону катталган эмес. Акыркы 120 жылдын ичинде 8 баллдан жогору 3 чоң, 7 баллдан жогору 10 жер титирөө катталган. Былтыр январь айында катуу жер титирөө коңшу Кытайда болгону менен Кыргызстан менен Казакстанга катуу таасир берген.
Жетекчилерине токтоло кетсек, Сейсмология институту түзүлгөнгө чейин Кыргыз ССР ИАнын академиги, физика-математика илимдеринин доктору Евдокия Розова академиянын Геология институтунун геофизика секторун, сейсмология бөлүмүн 1952-1971-жылдары башкарган. 1971-1975-жылдары Кыргыз ССР ИАсынын физика-математика илимдеринин кандидаты Валерий Грин Геология институтунун сейсмология бөлүмүнүн башчысы болгон. 1975-1983-жылдары Кыргыз ССР ИАсынын өзүнчө бөлүнгөн Сейсмология институтун геология-минерология илимдеринин доктору, Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Калый Калмурзаев жетектеген. Андан кийин 1983-1987-жылдары институтту Кыргыз ССР ИАсынын мүчө-корреспонденти, геология-минерология илимдеринин доктору Владимир Кнауф жетектеген. 1988-1993-жылдары Кыргыз ССР ИАсынын, Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, г.-м. и.д. Феликс Николаевич Юдахин башкарган. 1994-2005-жылдары Сейсмология институтун Кыргыз ССР ИАсынын мүчө-корреспонденти, г.-м. и.д. Аскер Турдукулов жетектеген. Андан бери ушул күнгө чейин Сейсмология институтун, азыркы КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов жетектеп келүүдө.
Сейсмология институтунун алдында күнү-түнү иштеген сейсмикалык кызмат иштейт. Алар атайын приборлор менен жердин абалын билип турушат, жер титирөө болгонун дароо ӨКМге билдирет, жарым сааттан кийин такталган маалымат чыгат. Азыркы учурда институтта 5 лаборатория, комплекстүү мониторинг жүргүзүүчү борбор, 21 сейсмикалык станция, 21 катуу кыймылдардын станциясы, 3 геомагниттүү станция жана 5 биохимиялык станция иштейт. Мунун баары азыркы өнүгүп бараткан заман үчүн аздык кылат. Өткөн жылы Кытай өлкөсүнүн жардамы менен геомагниттик обсерваторияны Жумгал ойдуңуна курушкан. Ага 220 миң доллар жумшалган. Сейсмикалык абалды мониторингден өткөрүү үчүн маалыматтардын анализин иштеп чыгуучу борбор иштейт. Ал тургай Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жылышын, кыйрашын аныктай алышат. Жер титирөөлөрдүн 100 миңден ашык санариптик жазуулары сакталган. Алар тарыхый, илимий кызыкчылыктарга жооп бере алат.
Канатбек Абдрахматов жетектеген Сейсмология институту акыркы жылдары көптөгөн долбоорлорду жазуу менен чет элдик каражаттарга акыркы үлгүдөгү аппаратураларды алып, имаратын жаңылап, алдындагы лаборатория, борборлордун ишин чыңдап, өз милдетин мыкты жүргүзүп жатканын көрдүк.