Меню
УҢГУЖОЛДУ МЕДИКТЕР ОКУШТУ
3-майда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган окутуу курсу жетинчи бүрүрүүчүлөр үчүн жыйынтыкталды.
Бул жолку окутууга Бишкек шаарындагы ооруканалардын, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилери, кесиптик бирликтин төрагалары, врачтар, идеологиялык жана этикалык маселелер боюнча жооптуу кызматкерлер катышты.
Курсту ийгиликтүү аяктаган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев катышып, мындай деди: “Жусуп Абдрахмановдун Москва архивинен табылган барактарында мындай сөз бар: “кыргыз эли тарых барактарында чоң тамгалар менен жазылып калууга татыктуу эл”. 20 жаштардагы жигиттин көрөгөчтүк менен айтканын карагыла. Андан кийин Айтматов, Чокморов, Миңжылкиев, Ахунбаев жана көптөгөн инсандар чыкты. Үркүндө Кытайга качып барган элдин арасында кыйынчылыктан Иса Ахунбаевдин атасы баласын уйгурга сатып жиберген экен. Бул анын балдарын аман алып калуунун акыркы айласы болгон. Өспүрүм кезинде Кытайдан келип, Иса Ахунбаев кандай белгилүү инсан болду, медицинанын атасы болду. Азыр экономикалык жогорулоо, маданияттагы, илимдеги өсүштөр улуттук дем менен коштолушу керек. Ошол себептен “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” ураанын чакырганбыз. Сиздердин негизги милдет – Кыргызстан элинин ден соолугун чыңдоо эмеспи, андыктан ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм”.
“Жаңы технологиялык көз караштар өзгөрүп, экономикалык, маданий, социалдык өсүштөр күчөгөн маалда улуттук аң сезимди, мекенчилдикти тереңдеткен, чыгармачылык дараметти күчөтө турган идеология керек болду. Уңгужолдун өзгөчөлүгү – улуттук нарк-насилибиз, салтыбыз менен дүйнөдө бийиктикке чыгабыз, заманбап баалуулуктар менен улуттук баалуулуктарды тең салмакта алып жүрөбүз деген дем менен өткөрүлүп жатат. Сиздер өз ишиңиздерде кыргыздык нарк-насилди, салттуу жөрөлгөлөрдү ала жүрөсүздөр деп ишенем. Ден соолукту чыңдоо ишиңиздерге ийгиликтер болсун”, - деди КР Президентине караштуу УИАнын вице-президенти Гульнара Ботоканова.
Курсту ийгиликтүү аяктаган медициналык кызматкерлерге Уңгужолду жайылтуу боюнча насааткер катары сертификаттар тапшырылды.