Меню
АДАБИЯТ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ БОЛОТ
Эртең, 29-майда УИАнын кичи жыйындар залында саат 14.00до КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Адабият институту тарабынан уюштурулган “Уңгужол – классикалык жана заманбап адабияттын руханий өзөгү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болот.
Иш-чара КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” концепциясын ишке ашыруу максатында уюштурулуп, академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясынын астында Ч.Айтматов атындагы Адабият институту тарабынан жарык көргөн китептердин көргөзмөсү жана кыргыз адабиятынын тарыхы боюнча тартылган видео-тасма менен коштолот.
Илимий конференцияга Кыргызстандан сырткары Казакстан, Өзбекстандан келген окумуштуулар, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер жана илимпоздор, ЖОЖдордун окутуучулары жана адабиятка кызыккан окурмандар катышат.