Меню

A A
ИЛИМИЙ ИНСТИТУТТАРДЫН ДИРЕКТОРЛОРУ ДАЙЫНДАЛУУДА

ИЛИМИЙ ИНСТИТУТТАРДЫН ДИРЕКТОРЛОРУ ДАЙЫНДАЛУУДА

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын алдындагы илимий институттардын директорлору жаңы Уставга ылайык УИАнын президенти Бекмамат Дженбаевдин буйругу менен:
- КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору кызматына Р.А. Сатылканов:
- М.М.Адышев атындагы Геология институтунун директору кызматына А.А. Бакиров;
Ж.Жеенбаев атындагы Физика институтунун директору кызматына Н.Ж. Жеенбаев;
- А.А.Алтмышбаев атындагы Философия институтунун директору кызматына Н.К. Саралаев;
- Машина таануу, автоматика жана геомеханика институтунун директору кызматына Б.С. Султаналиевдер кайрадан дайындалышты.
- Биология институтунун директору кызматына жаңы адам Эркинбек Шактыбекович Касыбеков дайындалды.
КР УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев, КР УИАнын вице-президенти Гульнара Ботоканова жана КР УИАнын башкы илимий катчысы Айнура Адиева илимий институттарды кыдырып, жүргүзүп жаткан иштерин жеринде көрүшүүдө.