Меню

A A
БАКУДА ӨТКӨН 1-ТҮРКОЛОГИЯЛЫК СЬЕЗДДИН 100 ЖЫЛДЫГЫ

БАКУДА ӨТКӨН 1-ТҮРКОЛОГИЯЛЫК СЬЕЗДДИН 100 ЖЫЛДЫГЫ

Бүгүн, 28-майда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын чоң залында «1926–2026: 1-түркологиялык съезддин 100 жылдыгы – түрк дүйнөсүнүн илимий мурасы жана заманбап багыттары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Бул иш-чара КР Президентине караштуу КР Улуттук илимдер академиясынын Тил илими, Адабият, Тарых, Философия, Мамлекет жана укук институттары, Салттуу маданият жана искусство илим-изилдөө борбору тарабынан уюштурулган.
Иш-чаранын ачылышында 1926-жылы Баку шаарында өткөн тарыхый 1-түркологиялык съезд жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлүп, андан соң куттуктоо сөздөр сүйлөндү.
КР Президенттик Администрациясынын бөлүм башчысы, тарых илимдеринин доктору Октябрь Капалбаев мындай деди: “1-Түркологиялык сьездге катышкан окумуштуулардын көпчүлүгү кийин 1933-жылдан 1938-жылга чейин репрессияланып, көбү атууга кеткен. Тил реформасы тилдин өнүгүшү үчүн эле эмес, мамлекеттин саясаты да болгон. Курултайга бир гана тилчилер эмес, тарыхчы-этнографтар, философтор да катышкан. Биз бүгүн эл аралык конференцияларды бир күнгө араң өткөрөбүз, алардын курултайы 10 күнгө созулган. Курултайга Кыргызстандан Касым Тыныстанов, Базаркул Данияров, Осмонкул Бөлөбалаев жана эки музыкант барган. Биз аларды тактап, тарыхтан атын өчүрбөй сакташыбыз керек”.
“Жаңыдан эле мамлекеттер пайда болуп жаткан учурда Түркологдордун 1-сьездинин болушу, ага Кыргызстандан 25 жашта болсо да Касым Тыныстанов барып доклад жасаганы өтө сыймыктуу иш болгон. Буюрса бул темада күзүндө чоң иш-чара өткөрөбүз деп ойлойм. Бүгүнкү конференцияга ийгилик каалайм”, - деди КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев.
Пленардык жыйында академиктер Сыртбай Мусаев, Абдылдажан Акматалиев, Абылабек Асанканов, профессорлор Нур Саралаев, Кадыралы Коңкобаевдер 1-түркологиялык курултай, тил, тарых, улут боюнча баалуу докладдарды жасашты.
Мындан туура бир кылым мурун, 1926-жылы Баку шаарында өткөн Биринчи түркологиялык съезд түрк элдеринин маданий жана интеллектуалдык интеграциясынын пайдубалын түптөгөн. Съезддин негизги максаты - түрк элдеринин тилин, адабиятын, тарыхын жана фольклорун илимий негизде изилдөө, эски араб алфавитинен латын графикасына өтүү (жаңы түрк алфавити), орфография жана терминология маселелерин бир тартипке келтирүү болгон.
Тарыхый ролу - түркологияны өзүнчө ири илимий тармак катары калыптандырып, түрк элдеринин ортосундагы маданий-илимий көпүрөнү чыңдаган. Съездде кабыл алынган чечимдер сабатсыздыкты жоюуга жана улуттук маданияттардын өсүп-өнүгүшүнө зор түрткү берген.
Съездге ар кайсы өлкөлөрдөн 130дан ашык делегат катышкан. Алардын катарында түрк журттарынын өкүлдөрү гана эмес, Германия, Франция сыяктуу Европа өлкөлөрүнөн дүйнөгө таанымал ири окумуштуулар да болгон.
Кыргызстандан бул тарыхый жыйында кыргыз илиминин атасы Касым Тыныстанов 25 жашында съезддин Президиумунун мүчөлүгүнө шайланып, кыргыз тилинин алфавити жана орфографиясы боюнча ири баяндама жасаган. Анын бул ийгилиги бүгүнкү күндө да биздин улуттук сыймыгыбыз.

Сүрөттөр