Меню

A A
СӨЗ АРХИТЕКТУРАСЫН ЖАРАТКАН АДАБИЯТ

СӨЗ АРХИТЕКТУРАСЫН ЖАРАТКАН АДАБИЯТ

29-майда “Уңгужол – классикалык жана заманбап адабияттын руханий өзөгү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев, академиктер Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, адабият таануучулар, илимпоздор, акын-жазуучулар, Өзбекстан, Казакстандан келген окумуштуулар катышып, баалуу сөздөрүн ортого салышты.
“Советтик адабият учурундагы көптөгөн акын-жазуучуларды классик акын-жазуучулар деп тартынбай айта алам. Алар – Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев, Сыдыкбеков, Элебаев, Осмонов, Алыбаев, Шүкүрбеков, Эралиев, Жусуев, Султановдор көрүнүктүү чыгармаларын жаратышкан. Биздин азыркы коом мурдагыга салыштырмалуу карама-каршылыктуу көз караштарга толтура. Андыктан азыркы адабияттын талабы да татаалданып баратат. Азыркы замандын көйгөйлүү маселелерин ар тараптуу кеңири подтекст менен ачып берүү үчүн реалисттик ыкма менен катар модернисттик ыкмаларды же постмодернисттик иронияны да колдонуу зарылдыгы келип чыкты”, - деди академик Абдылдажан Акматалиев.
“Манас, Айтматов жаралган жерде дүйнө окурмандарын кызыктыра турган адабиятты жарата алабыз деп ишенем. Союз учурунда жазган жазуучулардын чыгармаларында жаратмандык чоң деңгээлде болгон. Кийинки айда “Ысык-Көл форумун” өткөргөнү турабыз. Ага дүйнөлүк адабиятчыларды, анын ичинде Кытайдын тирүү классиги, кезинде Айтматов менен кат алышып турган, Кытайдын Маданият министри болгон, азыр 91 жаштагы Ван Мын мырза келатат. Ал Латын Америкасына болгон сапарын токтотуп, “Айтматов туулган жерге барам” деп айтты. Ал кезинде кыргыз адабиятынын кытай адабиятына тийгизген таасири жөнүндө кеп кылган. Кичинекей элдин маданияты чоң элдин маданиятына таасир эте алабы? Мисалы, 40 млн калкы бар Корея маданияты 1,5 млрд калкы бар Кытайга таасир эте алат. Кытайлар биринчи болуп “Корея толкуну” дегенди байкашкан. Корея адабияты абдан өнүгүп баратат. Жылына 20-30 китепти Европа адабиятынан которуп чыгарып турушат. Ошол сыяктуу чакан кыргыз эли Кытайга таасир бере алган. Ван Мын учурунда “Кытай адабиятына таасир эткен төрт адам болсо, анын бири Айтматов”, - деп жазган. Форумга Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Ян келатат. Ал дагы Америкага барчу сапарын токтотуп, “Айтматов өлкөсүнө барам” деди. Биз анын келишин утурлай “Өлүм жана тирүүнүн машакаты” деген романын кыргыз тилине которуп, чыгарып жатабыз. Азербайжандын классиги, Айтматовдун досу Анар мырза келатат”, - деди КР мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев.
“Илимдер академиясы өткөрүп жаткан адабият, маданият жаатындагы иш-чараларды жазуучу катары Арслан Капаевич дайыма колдоп келет. Мындан ары да илимди өнүктүрүүдө биргеликте иш алып барабыз деп ойлойм. Академик А.Акматалиев башында турган Адабият институтуна китептерди басып чыгаргандыгы, илимий конференцияларды өткөрүп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгымды билдирем”, - деди КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев.
Андан кийин академик Абдыганы Эркебаев китептер көп чыкканы менен окулбай, данектүү, адамды ойлондура турган чыгармалардын аздыгы көйгөй жаратып жатканын, жакшы жазыш үчүн көп окуш керектигин айтты. Ал эми академик Осмонакун Ибраимов мындай деди: “Чакан өлкө болсок дагы дүйнөдө ордубуз чоң. Кытайда советтик үч кинону бүтүндөй эли жакшы көрөт экен. Алар – Рязанов тарткан “Служебный роман” жана “Ирония судьбы” фильмдери, үчүнчүсү – Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” фильми. Жакында эле Москвада болдум, улуу орус адабиятында Айтматовдун орду чоң экенин айтышты”.
Мындан кийин көптөгөн адабият илимпоздору өз докладдарын окушту. Түштөн кийин панелдик сессиялар өтүп, адабият жөнүндө кеңири сөз болду.