Меню
АДАМЗАТ ТЫНЧТЫКТЫ СҮЙӨТ
Бүгүн Улуттук илидмер академиясына БУУнун жана эл аралык уюмдардын алдындагы БУУнун Тынчтык университетинин туруктуу байкоочусу, элчи Давид Фернандес Пуяна келди. Мейманды КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев жылуу тосуп алып, кенен аңгемелешти. Жолугушууга Кыргызстан эл аралык университетинин түзүүчүсү, УИАнын академиги Асылбек Айдаралиев катышты.
БУУнун Тынчтык университети (UPEACE) – 1980-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан түзүлгөн эл аралык жогорку атайын уюштурулган окуу жайы. Анын негизги максаты – тынчтык, адам укугу, конфликттерди чечүү жана туруктуу өнүгүү багытындагы адистерди даярдоо. Дипломдон кийин магистратура жана докторантурада окуй тургандарга багытталган. Жайгашкан жери Коста-Рика. Кампус жогорку деңгээлдеги маданий ар турдүүлүккө ээ, жылына дүйнө жүзүнөн студенттерди кабыл алат. Анын ичинде Кыргызстандын студенттери да бар.
“Биз Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы менен кызматташууну каалайбыз. Эмдиги жылы Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун деңгээлинде экинчи глобалдык саммит Бишкекте өтөт. Бул иш-чара үчүн “Дипломатия жана тоолор” программасын иштеп чыгууну сунуштайм. Биз былтыр Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттери Ходжент келишимине кол койгонун кубаттадык. Мен 4 күн мурда Тажикстандын Президнти Эмомали Рахманго кезигип, Таануу жөнүндө сертификатты тапшырдым. Биз муну БУУнун Тынчтык университетинин атынан Кыргызстан, Өзбекстан Президенттерине да тапшырууну каалайбыз. Кийинки келе турган визит ушул максатта болот”, - деди элчи Давид Фернандес Пуяна.
“Дүйнө азыр тынч эмес болуп турат. Биз тынчтыкты жактоочуларды кубаттап, дүйнөдө тынчтык болушун каалайбыз. Бизге кызматташууга кол сунуп келгениниз үчүн ыраазычылык билдирем. Биз меморандумга кол коюп, кызматташууга даярбыз”, - деди УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев.
“Дүйнөго таанылган БУУнун Тынчтык университети менен биздин КЭУ кызматташуу үчүн меморандум түзөбүз. Аны үч тараптуу түзсөк болот. Кийин аны келишимге жеткирсек болот. Эртең биздин университетте жолугушуу болуп, лекция окулат”, - деди УИАнын академиги Асылбек Айдаралиев.