Меню
ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИН ПАЙДАСЫ, ЗЫЯНЫ
Биз техника илимдеринин доктору, КР Президентине караштуу УИАнын мүчө-корреспонденти Роман Оморовду сөзгө тартып, жасалма интеллект боюнча сүйлөштүк.
- Жасалма интеллекттин адамзатка пайдасы көп болобу же зыяныбы?
- Албетте пайдасын берет, жасала турган иштер ылдамдайт жана так аткарылат. Анда бир маселе пайда болду, жасалма интеллектте автономдуу система иштеп, өзүнүн атынан ойлоп табууларды бере баштады. Ушуну ылгаш керек. Анткени, жазылган нерсени ал аткарып салат. Муну адам текшерип туруш керек. Анда сезим жок да. Бул жагынан кооптуу. Мисалы, куралдуу күчтөрдө согуш чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан ал адамга жардам бере ала тургандай гана пайдалануу зарыл.
- Адамзат аны кыйратуучу максаттарга колдонушу мүмкүнбү?
- Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Аны байкап, көзөмөлдөп тургандай система түзүлүшү керек. Болбосо чатак болот. Айрымдары суроону туура эмес берсе, туура эмес чыгып калса элге тарап кетет. Ошентип фейк жаралат.
- Жасалма интеллекттин пайдубалы кайдан башталды, кандай өнүгүп баратат?
- Тарыхын айтсак, 1956-жылы эле окумуштуулар чогулуп, ишти башташыптыр. Ошондон бери өнүгүп келатат. Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмдагы (ВОИС) 350 миңден ашык иш жасалма интеллект боюнча ойлоп табууга берилиптир.
Анын ичинде автономдуу дегендери эч бир адам башкарбаса деле ойлоп табууларды өзү жасап келатат. Дүйнөлүк уюм 2020-жылы мыкты адистерди чогултуп, “жасалма интеллектке ойлоп табуулары үчүн укук берилеби, берилбейби?” деп дискуссия өткөрүшкөн. Ага мен да катышкам. Менин оюмча, ага укук бербеш керек, ал эч качан субьект боло албайт. Программаны ойлоп тапкан адамга гана укук берсе болот.