Меню
ЫСЫК-КӨЛ, СОҢ-КӨЛДӨ БАЛЫКТАРДЫ КАРМООГО ТЫЮУ УЗАРТЫЛДЫ
Бул боюнча КР УИАнын Биология институтунун ихтиология жана гидробиология лабораториясынын башчысы Асылбаева Шайгүл Макешовна айтып берди:
“17-июль 2026-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин № 261 Жарлыгы менен Ысык-Көл жана Соң-Көлдөгү балыктарды сактоо жана көбөйтүү максатында 3 жылдан бери киргизилген мораторий 2029-жылга чейин дагы узартылды. Мурдагы үч жылдык мораторийден улам Ысык-Көл чебагынын көбөйүп калганы байкалды. Аны кайырмак менен балык уулаган адамдар да тастыкташууда.
Жалпысынан Ысык-Көл жана Соң-Көлдө эндемикалык жана аборигендик балыктардын жалпы түрү 24 деп эсептелет. Негизи балыктардын азайышынын негизги себептери: форель жана судак сыяктуу жырткыч балыктар чачкан уруктарды өздөрү жеп коюшат. Экинчиден браконьерлер жайган көп жылдан берки торлор балыктарды жок кыла жаздады. Жүздөгөн метр торлорду акыркы эки жылда тынымсыз алып чыгуу балыктардын көбөйүшүн шарттады. Мораторийди узартууга жергиликтүү эл сунуштарын берди, биз негиздеме маалымкатын жазып бердик, Экотехинспекция, Жаратылыш министрлиги, ӨКМ баары салымдарын кошушту.
Биздин кызыл китепке эки түр балык – Ысык-Көл маринкасы жана османы кирет. Кызыл китептин экинчи чыгарылышына 7 түр балык кирген, азыр даярдалып жаткан үчүнчү чыгарылышына 4 түр балыкты дагы киргизебиз деп турабыз”.
Сүрөттө: Ысык-Көлдөн чыккан салмагы 30 кг болгон форель балыгы

Акыркы жаңылыктар
2388
КОШТОШУУ