Меню
КЫРГЫЗ ЭЛИ ЖАМИН АКИМАЛИЕВ МЕНЕН КОШТОШТУ
Бүгүн, 8-ноябрда көрүнүктүү окумуштуу, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиевди узатуу зыйнаты эски аянтта, Кыргыз драма театрынын алдында болуп өттү.
Коштошуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Капай уулу, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалай кызы, КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, академиктер жана интеллигенция өкүлдөрү, туугандары, үй-бүлөсү катышты.
“28 жашында тартынбай Хрущевго сөз кайрыган Жамин Акималиевдин ташы өйдө кулап, иштеген тармактарынын баарында зоболосу көтөрүлүп, кыргыз элинин ичинде авторитети дайыма бийик болуп турду. Аттиң деп өкүнүп калдык, КР Президенттик Администрациясы баш болуп жакын арада Жамин Акималиевдин 90 жылдык мааракесин улуттук масштабда өткөрөлү деп даярданып турганбыз. Ага бир ай жетпей калды. Жаткан жериңиз жайлуу болсун Жамин ага”, - деди мамлекеттик катчы Арслан Капай уулу.
“Кыргыз Республикасынын эгемендигинин түптөлүшүндө, легендарлуу парламенттин депутаты катары тарыхый чечимдерди кабыл алууда чоң салымдарды кошкон. Анын кыргыз мамлекетине жасаган бардык иштери эсибизде сакталып калат. “Адамдын өмүрү өтөт, анын жасаган эмгеги эч качан өчпөйт” деген кыргыздын жакшы сөзү бар. Жамин агайдын бардык иштери унутулгус. КР Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Жамин Акималиевтин жакындарына, туугандарына көңүл айтам. Жаткан жери жайлуу болсун”, - деди Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалай кызы.
“Академик Жамин Акималиев дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып, эл аралык илимий симпозиумдарда, конференцияларда талкууларга катышып, кыргыз элинин атын дүйнөгө тааныткан киши. Өзгөчө айыл чарба илимине, өндүрүшүнө салым кошту. Совет доорунан ушул күнгө чейин агрардык тармактын өнүгүшүнө чоң эмгек жасады. Жамин Акималиевичтин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”, - деди академик Асанкадыр Темирбеков.
Андан соң теңтушу Тилектеш Ишемкулов, бир тууганы Жуман Акималиевдер сүйлөп, анын эң мыкты адам болгонун, илимде эле эмес, коомдук иштерде да активдүү жүрүп, обон чыгарып, комуз чертип ырдаганын эскеришти.

Акыркы жаңылыктар
1803
КОШТОШУУ