Меню

A A
КЫРГЫЗ АГРАРДЫК ИЛИМИНИН КОРИФЕЙИ, АКАДЕМИК ЖАМИН АКИМАЛИЕВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

КЫРГЫЗ АГРАРДЫК ИЛИМИНИН КОРИФЕЙИ, АКАДЕМИК ЖАМИН АКИМАЛИЕВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

Кыргыз илими оор жоготууга учурады. 2026-жылдын 6-ноябрында көрүнүктүү окумуштуу, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиевич Акималиев дүйнөдөн кайтты.
Жамин Акималиевич Ата Мекендик агрардык илимдин көрүнүктүү өкүлү, дүйнөлүк илимий коомчулукка таанылган окумуштуу болгон. Анын көп жылдык илимий, педагогикалык жана коомдук ишмердиги Кыргызстандын айыл чарба илиминин жана агроөнөр жай комплексинин өнүгүшүнө зор салым кошкон.
В.И.Ленин атындагы Бүткүл союздук айыл чарба илимдер академиясынын (ВАСХНИЛ) академиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Россия Илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери, илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» орденинин ээси болгон.
Ал бүт өмүрүн илимге кызмат кылып, агрардык тармакты өнүктүрүүгө жана өлкөнүн илимий дараметин чыңдоого арнаган. Анын илимий изилдөөлөрү, иштеп чыгуулары жана практикалык сунуштары дыйканчылыкты өркүндөтүүгө, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана агрардык тармактын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө олуттуу салым кошкон.
Жамин Акималиевичтин ишмердигинде илимий кадрларды даярдоо, жаш окумуштууларды тарбиялоо жана Ата Мекендик илимий мектепти өнүктүрүү өзгөчө орунду ээлеген. Ал өзүнүн терең билимин жана бай кесиптик тажрыйбасын шакирттери менен бөлүшүп, кесиптештеринин, окуучуларынын жана жалпы илимий коомчулуктун арасында терең урмат-сыйга ээ болгон.
Жамин Акималиевич Акималиевдин дүйнөдөн кайтышы Ата Мекендик илим, агрардык коомчулук жана аны менен иштешип, баарлашкан бардык адамдар үчүн орду толгус жоготуу болду.
Көрүнүктүү окумуштуунун жаркын элеси, илимий мурасы, ишмердиги жана Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы кесиптештеринин, шакирттеринин жана кийинки муундагы окумуштуулардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
Жамин Акималиевич Акималиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине жана шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Белгилүү академиктин, асыл адамдын элеси кыргыз илиминин тарыхында түбөлүк сакталат

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын жалпы эмгек жамааты