Меню

A A
КОШТОШУУ

КОШТОШУУ

КР Улуттук телерадио корпорациясында 45 жыл эмгектенип, профессионалдуу, талыкпаган эмгеги менен эл оозуна алынган мыкты адис Бурулуш Топчиевна Батаканова менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 8-ноябрда болуп өттү.
Ал телевизиондук цехтин инженеринен тартып Республикалык радиотелеборбордун башкы директорунун орун басарына чейинки кызматтык жолду басып өткөн. Көп жылдык эмгек ишмердүүлүгүндө телерадиоберүүнүн техникалык базасын чыңдоого, өндүрүштүк процесстерди өркүндөтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана тармактын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошкон.
Анын жетекчилиги алдында телерадиоберүү системасынын үзгүлтүксүз жана сапаттуу иштешин камсыз кылуу, техникалык инфраструктураны модернизациялоо жана тармактын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу багытында иштер жүргүзүлгөн.
Бурулуш Батаканованын көп жылдык ак ниет жана үзүрлүү эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына, «Кыргыз Республикасынын байланыш тармагынын эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамына татыктуу болгон жана «Даңк» медалы менен сыйланган.
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Борбордук аппараты жана жалпы эмгек жамааты академиянын вице-президенти Гулнара Топчуевнага эжеси Батаканова Бурул Топчуевнанын коштошуу зыйнатында көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.