Меню
БИОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК КЕРЕК. ТОПОЗДУН ЭТИН КӨБӨЙТҮҮ ЗАРЫЛ
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын академиги Асанкадыр Жунушов менен аңгемелештик.
- Сиз өткөндө Якутияга барып, Сибирь жарасы боюнча конференцияга катышып келдиңиз. Кандай маселелер талкууланды?
- Россия илимдер академиясы биологиялык лабораториясынын 100 жылдыгын белгиледи. Анын тегерегинде климаттын өзгөрүшү, экологиялык коопсуздук боюнча сөздөр жүрдү. Кыргыздар сибирь жарасын күйдүргү деген. Ал адамдын терисине жукса, күйгүзүп дарылап алышкан, ошондон аты аталган. Ал муздакта тоңуп жер астында жата берип, жазында жаан жаап, температура көтөрүлүп калганда кыргызча айтканда тонун чечип чыга калып, көбөйө баштайт. Микроб көбүнчө жаздан күзгө чейин чыгат. Ал малга жугат, малдан адамга жугат. Ал абдан коркунучтуу микроб. Кыргызстанда 1300 жерде бар, анын болгону 60%ы гана табылган. Ал териге жукса, антибиотиктерди куя коюп, бактерияны өлтүрүп калууга мүмкүн. Эгер адамдын ичине кирип кетсе, андан айыктыруу мүмкүн эмес.
Азыр туризмди өнүктүрүүгө катуу багыт алдык. Анүчүн биологиялык коопсуздук керек. 2028-жылы биз жасап жаткан ДНК технология, генетика боюнча долбоорубуз бүтөт. 10 жыл мурдагыдай чума оорусу чыкпашы, Африкадан эбола бактериясы келип калбашы үчүн мындай маселеге олуттуу мамиле жасалышы зарыл.
- Дагы кандай багыттарды келечектүү деп ойлойсуз?
Экинчиден, топоздун этин бренд кылсак болот. Топоздун чийки этин кургатып, майдалап күлазык жасаса жакшы. Илгери кыргыздар кургаган этке буудай же арпа талканын кошуп, майга кууруп жасашса керек. Эттин суусун алып, чийкилей кургатып, майда порошок кылса организмге керектүү бардык витаминдери, заттары сакталат. Аз кандуулук менен жабыркаган жаштар, кош бойлуу аялдар көп. Ошондой адамдарга БАД сыяктуу кылып күлазыкты жайылтса сонун болбойбу. Топоз 6-7 миң метр бийиктикте жүрүп, түтөк болбойт. Муздун үстүнөн да тайгаланбайт. Бийик тоодо өскөн дары чөптөрдү жейт. Кыргыздар топоз чарбачылыгын көбөйтүп топоз өстүрүшү керек.

Акыркы жаңылыктар
1124
КОШТОШУУ