Меню

A A
ИЛИМ КҮНҮН УТУРЛАП.  БӨРҮБАЕВ АЛТАЙ АСЫЛКАНОВИЧ

ИЛИМ КҮНҮН УТУРЛАП. БӨРҮБАЕВ АЛТАЙ АСЫЛКАНОВИЧ

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, КМШ мамлекеттер аралык «Шериктештер жылдызы» сыйлыгынын ээси, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын биринчи даражадагы мамлекеттик кеңешчиси, III даражадагы «Манас» орденинин жана КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын «Шериктештик» орденинин кавалери, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунун улук илимий кызматкери, физика-математика илимдеринин доктору, проффесор быйыл 75 жашка чыкты. Ал Кыргызстандын дүйнөгө аты белгилүү залкар илимпозу.
А.А. Борубаев орто мектепти медаль менен аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, 1972-жылы аталган окуу жайдын механика-математика факультетин артыкчылык диплому менен ийгиликтүү бүтүргөн. М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин алдындагы аспирантура жана докторантурасында окуп, Борбордук Азияда биринчи жолу геометрия жана топология адистиги боюнча кандидаттык (1977-ж.) жана доктордук диссертациясын (1991-ж.) ийгиликтүү коргогон.
1981-жылы топология илими боюнча илимий эмгектери үчүн ага Кыргызстан Ленин комсомолунун сыйлыгы ыйгарылган.
1982-1984-жылдары дүйнөдөгү эң белгилүү эски, атактуу Карлов университетинде (Прага, Чехословакия) илимий стажировкасын өткөргөн.
А.А.Борубаев эмгек жолун 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуудан баштап, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, факультеттин деканы, илимий иштер боюнча проректор, кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеген.
1992-жылы ага профессор наамы ыйгарылып, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.
1992-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен А.А. Борубаев Кыргыз Республикасынын Билим берүү министринин биринчи орун басары болуп дайындалган. Анын демилгеси жана жетекчилиги менен эгемендүү Кыргызстандын «Билим берүү жөнүндө» биринчи мыйзамы иштелип чыгып, кабыл алынган. Жогорку билим берүү жаатында жаңы билим жана илим стандарттары ишке киргизилген.
1993-жылы А.А.Борубаевге жогорку деңгээлдеги илимий эмгектеринин топтому үчүн Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.
А.А. Борубаев 1994-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университеттин ректору болуп шайланган. Анын демилгеси менен аталган окуу жайында окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгы менен ага 1995-жылы «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган.
1998-жылы А.А. Борубаев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп шайланып, биринчи кезекте, ички резервдердин эсебинен профессордук-окутуучулук курамдын эмгек акысын көбөйтүүгө жетишкен. Анын жетекчилиги менен илим жана билим берүү долбоорлору иштелип чыгып, чоң өлчөмдөгү эл аралык гранттар алынган. Чет өлкөдөгү алдыңкы университеттер: М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, Марсел университети (Франция), Мюнхен университети (Германия), Турин университети (Италия), Пекин (Кытай) университеттери менен кызматташуу боюнча келишимдер түзүлгөн.
2000-жылы илимпоздордун сунушу менен илимдеги жетишкен зор ийгиликтери үчүн Москва эл аралык обсерваториясы жылдыздардын бирине академик А.А.Борубаевдин «Алтай» ысымын ыйгарган. Ошол эле жылы академик А.А.Борубаевге Москвада М.В.Ломоносов атындагы университетин ардактуу профессору наамы ыйгарылган.
А. А. Борубаев 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги болуп шайланган.
2000-жылы экинчи жолу (биринчи жолу 1998-жылы) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы болгон (2000-2005 жылдар).
Эл өкүлдөр жыйыны анын жетекчилиги астында маанилүү мыйзамдарды жана токтомдорду кабыл алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эки жолку түзүмүн жана курамын кылдат талдап бекиткен. Убакыттан кечиктирилбестен “Кыргыз Республикасынын бюджети” жөнүндөгу мыйзам ѳз убагында кабыл алынып турган.
А.А.Борубаевдин жеке жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын «Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» жана «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдары иштелип чыгып, кабыл алынган.
2001-жылы ал КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын «Шериктештик» ордени менен сыйланган.
2002-жылы илимдеги А.А.Борубаевге зор жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы экинчи жолу ыйгарылып, ошол эле жылы АКШнын Биографиялык институту А.А.Борубаевди «Жылдын мыкты адамы» деп тапкан.
Ал 2003-жылы Карлов университетинин (Прага, Чехия) алтын медалы менен сыйланган, ошол эле жылы Россия Федерациясын президентинин Жарлыгы менен А.А.Борубаев “Санкт Петербург шаарына 300 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланган.
Академик А.А. Борубаев 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы болуп дайындалат. Анын жетекчилиги менен окумуштуулук даражаларды, окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жана диссертациялык кеңештер жөнүндө жаңы жоболор кабыл алынган. Анын демилгеси менен «Антиплагиат» программасы ишке киргизилген.
2005-жылы Монголия илимдер академиясы ага Ардактуу доктор даражасын ыйгарган. 2013-жылы академик А.А. Борубаев Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти болуп шайланып, ал эми 2017-2026 жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институтун жетектеген. Бул мезгил аралыгында ал Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына, өзгөчө Математика институтунун өнүгүшүнө олуттуу салым кошту. 2024-жылы А.А. Бөрүбаев «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына 70 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланган.
Академик А.А. Борубаевдин демилгеси менен 2014 - жылы “Улуттук илимдер академиясынын докладдары” илимий журналы негизделип, үзгүлтуксүз чыгып жатат. Анын жетекчилиги менен 2018-жылдан баштап Кыргызстанда англис тилинде “Математика институнун кабарлары” илимий журналы үзгүлтүксүз чыгууда.
2013-жылы академик А.А.Борубаев дүйнөлүк илимге кошкон зор салымы үчүн Эл аралык Сократ комитетинин “Сократ” ордени менен сыйланган. Аталган комитеттин чечими менен анын ысымы 21-кылымдагы дүйнөнүн залкар окумуштууларынын дүйнөлүк реестрине киргизилген (Лондон, Улуу Британия). Ушул жылы ал “Улуу Петр I” ордени менен сыйланган (Россия).
2017-жылы А.А.Борубаевге КМШ мамлекеттер аралык «Шериктештер жылдызы» сыйлыгы, ал эми 2020-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун алтын медалы менен ыйгарылган.
Академик А. А. Борубаев математика илиминин эң татаал областтарынын бири - топология илимин Кыргызстанга алып келди, өнүктүрдү. Азыркы мезгилде Кыргызстан бир калыптуу топология боюнча дүйнөнүн борбору болуп калды.
2021-жылы академик А.А.Борубаев Борбордук Азияда биринчи жолу математика боюнча илимий ачылыш жасап, аны «Илимий ачылыштардын жана ойлоп табуучулардын Эл аралык илимдер академиясы» жана дүйнөлүк илимий коомчулугу тааныган.
Академик А. А. Борубаев Борбордук Азияда биринчи жолу топология жана геометрия боюнча илимий мектеп түзгөн. Ал илимдин 9 докторун, 15тен ашык илимдин кандидатын даярдаган жана анын эки окуучусу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.
2023-жылы ага Циндао университетинин (Кытай) Ардактуу профессору наамы ыйгарылган.
Академик А.А.Борубаевдин 16 илимий монографиясы жана китептери, 130дан ашык илимий макалалары дүйнөнүн 15 өлкөсүндө жарык көргөн.
Ал дүйнөнүн 39 өлкөсүндө, анын ичинде М.В.Ломоносов атындагы ММУ, Карлов (Прага), Сорбон (Франция), Гарвард (АКШ), Мадрид (Испания), Пиза (Италия), Пекин, Циндао (Китай), Будапешт (Венгрия), Оксфорд (Англия), София (Болгария), Ниш (Сербия), Бангалор (Индия), Сакария (Турция) ж.б. университеттеринде илимий докладдар жана билдирүүлөрдү жасаган. Анын уюштуруусу жана жетекчилиги менен республикада 20дан ашык эл аралык илимий конгресстер жана конференциялар өткөрүлгөн.
Академик А.А.Борубаев - Кыргызстан илимпоздор союзунун президенти, Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун мучөсу, Кыргыз математика коомунун жетекчиси.
Анын демилгеси менен дүйнөнүн 14 өлкөсүн камтыган Түрк дүйнөсүнүн математикалык коому түзүлүп, анын президенти болгон, учурда анын Ардактуу президенти, Кыргыз-Катар достук коомунун төрагасы, математика боюнча докторлук жана кандидаттын диссертацияларды коргоо боюнча кеңештин төрагасы