Меню
ЫСЫК-КӨЛ АЗАЙЫП БАРАТАБЫ?
Биз КР Президентине караштуу Улуттук Илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору Рысбек Сатылкановду кепке тартып, суу боюнча көйгөйлүү суроолорду бердик.
- Рысбек Абылаевич айтсаңыз, акыркы жылдары мөңгүлөр азайдыбы? Суу боюнча жалпы абал кандай?
- Кээ бир жылдары гана жаан жаабай, кургакчыл болуп калбаса, суу тескерисинче көбөйүп жатат. 1930-жылдардан бери мөңгүлөр, андан агып түшкөн суулар, бассейндер, андагы суулар көп. Бул абал 2040-жылдарга чейин уланат. 2035-2040-жылдардан кийин мөңгүлөрдөн агып чыккан суунун көлөмү азаят деген биздин жыйынтыгыбыз бар. Бул маалыматты эл аралык өнөктөштөр - Япония, Европа, Россиянын окумуштуулары менен биргелешип чыгарганбыз. Мөңгүлөр азайгандан кийин албетте суу да азаят. 2030-40-жылдарга чейин мөңгүлөр ээрип жатканы үчүн суунун көлөмү көбөйүүдө. Ал эми жаандын, кардын жаашына карай айрым жылдары суу аз же көп болот. Биз жылдык өзгөчөлүктү эмес, жалпы көп жылдык жыйынтыкты айтып жатабыз.
- Дүйнөлүк глобалдык жылуулук бизге да таасир берип жатабы?
- Албетте, температура көтөрүлгөндө суунун бууланышы көбөйөт, адамдардын саны көбөйүүдө, айыл чарба продукциясынын саны көбөйүүдө, мунун баарына суу керек. Биз көп жылдан бери айтып келатабыз, сууну пайдалануунун шарттарын өзгөртүүбүз керек. Агын суулардын жалпы 90%ын сугатка пайдаланабыз. Сугаттын системасын өзгөртүп, сууну рационалдуу пайдалануу керек. Союз учурунда сугарууну жаадырып пайдаланышкан, азыр тамчылатып сугаруу дегенге өтүштү. Ушундай ыкмаларды көбөйтүш керек.
- Ысык-Көл азайып баратабы? Анын азыркы абалы кандай?
- Биздин алдыбыздагы “Тянь-Шань” эл аралык борбор 1948-жылдан бери Ысык-Көлдүн абалын мониторинг кылып келет. Франциянын Тулуз деген шаарындагы Легес лабораториясы менен биргелешип, 2008-жылдан бери Балыкчыда, Кара-Булуңда көлдүн деңгээлине байкоо жүргүзүп турабыз. 1849-жылы Россия географиялык коомунун тапшырмасы менен Нифаньтев деген окумуштуу Ысык-Көлгө келип кеткен. Анын отчетунун маалыматы боюнча көлдүн деңгээли 1620 метр болуп, көлдөн суу агып чыгып турган. 1856-жылы Петр Семенов Тянь-Шанский келип, Каркырадан Балыкчыга барган. Ал кишинин отчету боюнча көлдөн суу агып чыкпай калган. Көлдү изилдеген Владимир Романовский деген окумуштуунун маалыматы боюнча 1854-жылдан бери көлдүн деңгээли түшүп келатат. Анын себеби, 1850-жылдан баштап Ысык-Көлгө Чу суусу куюлбай калган. Экинчи себеби, климаттын өзгөрүшү. 1850-жылдардан бери абанын температурасы көтөрүлүп келатат. Үчүнчү эн негизги себеби – көлдүн тегерегинде 6 млрд куб суу болушу керек. Анын 2 млрддан ашыгы жер астындагы суу, 2 млрддан ашыгы жер үстүндөгү суу, 2 млрд жаан-чачындан пайда болгон суулар. Бүгүн болсо жер үстүндөгү дарыялардын, суулардын көлөмү сугат убагында 1,5 млрдга чейин азайып, суунун көбү сугатка кетип, көлгө куюлбай калууда. Статистикада муну азайтып көрсөтүшөт. Бул маселени биз Суу департаментинин жетекчилери менен талкуулаганбыз, бирок азыркы абал ушундай.