Меню
“ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕК” САЙТЫ ЖАРЫЯЛАГАН ИНТЕРВЬЮНУН КЫСКАРТЫЛГАН ВЕРСИЯСЫ
- Канатбек Ермекович, азыркы учурда кыргыз илиминин деңгээли төмөндөп жатабы же көтөрүлүп баратабы?
- 30 жыл ичиндеги эң чоң көйгөй - илимге суроо-талаптын жоктугу болгон. Бул таң калычтуу эмес: каржылоонун жетишсиздиги катуу сезилген. Өлкөнүн мурдагы жетекчилери илимди көңүл сыртында калтырган. Азыр болсо, Садыр Жапаров Президент болгондон бери, бийликтин илимге болгон мамилеси өзгөрдү. Бул баарына көрүнүп, сезилип жатат: каржылоо көбөйдү, биздин пикирге кулак салышууда, илимий иштеп чыгууларга кызыгуу пайда болду. Мисалы, академия түзүлгөндөн бери 70 жыл ичинде биринчи жолу имаратка ремонт жасалды, өткөн жылы айлык маяна көтөрүлдү, тарыхта биринчи жолу ар бир институтка делип 26 унаа бөлүндү.
Мындан тышкары, биз министрлер кабинети менен мамлекеттик заказдар деңгээлинде иштей баштадык. Бул академиянын коомдогу салмагынын өзгөргөнүн, мамлекеттик чечимдерге таасири күчөгөнүн көрсөтөт. Мамлекеттик заказ деген эмне? Өкмөт илимпоздорго белгилүү бир тармактын натыйжалуулугун арттыра турган иштеп чыгууларды тапшырма кылат. Башкача айтканда, мамлекет максаттарды коёт, илим болсо чакырыкка жооп берет. Мындан да маанилүүсү, илимпоздор өлкөнүн муктаждыктарын эске алып, өздөрү да сунуш киргизе башташты.
— Мисалдар барбы?
- Бар. Жакында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Геология институтуна келип, иши менен таанышып, Ала-Бука районундагы глауконит кенин изилдөөгө кошумча 99 миллион сом бөлдү. Бул минералды жер семирткич катары колдонсо болот: селитрадан кыйла арзан, топуракты булгабайт, түшүмдүүлүктү жогорулатат. Биздин эсеп боюнча, анын запасы миллиондогон тонна. Мурун илимпоздор глауконитти сунуштап келишкен, бирок уккан киши болгон эмес. Азыр болсо бул багыттагы иштеп чыгуулар өлкө үчүн пайдалуу экенин далилдей алдык.
— Жаштар илимге эмне үчүн барбай жатат?
— Бул абдан маанилүү маселе. Бүгүн докторлук даражасы бар илимпоздордун орточо жашы 65те. Арттан келе жаткан муун жок. Бул 30 жыл бою илимге көңүл бурулбай калгандыктын кесепети. Ошондуктан жаштардын жетишсиздиги бар. Жаштардын көбү жакшы маяна төлөнгөн фирмаларга кетип жатат. Албетте, илимге кызыгып, аз айлыкка карабай иштегендер өтө аз. Бизге жаштарды илимде кармап калуучу система керек.
— Жакынкы келечекте кандай пландар бар?
— Биз тоо чөптөрүнөн дары-дармек, косметика жана азык-түлүк үчүн препараттарды өндүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууну көздөп жатабыз. Тоо чөптөрүндө пайдалуу заттардын концентрациясы абдан жогору. Химия институту бул багытта даяр, илимий макалаларды жарыялады. Бирок өндүрүштү баштоо үчүн каражат керек. Акыры өкмөт бул долбоорго кызыгып, чоң сумма бөлүү чечимин кабыл алды. 3–5 жыл ичинде бул өндүрүш ишке кирип, өлкө экономикасына олуттуу салым кошот деп ишенем.
Кыргыз илими акырындап мамлекеттин келечегине айланып, экономикага түздөн-түз жардам бере турган деңгээлге жетет деп ойлойм.