Меню

A A
ТҮЛӨБЕРДИ БААТЫР ЭСКЕРИЛДИ

ТҮЛӨБЕРДИ БААТЫР ЭСКЕРИЛДИ

Өткөн жумада КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында «Түлөберди баатыр Жамансарт уулу: кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы саясий жана дипломатиялык ишмер» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чара КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын академик Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, Тарых илимин өнүктүрүү комиссиясынын жана «Түлөберди» коомунун демилгеси менен уюштурулду.
Конференцияны тарых илимдеринин доктору, профессор, КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары, стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев алып барды. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Тарых илимин өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы Арслан Койчиев куттуктоо сөз сүйлөдү.
Конференциянын негизги максаты - XVIII кылымдагы кыргыз элинин саясий тарыхында өзгөчө орду бар Түлөберди баатыр Жамансарт уулунун мамлекеттик-саясий жана дипломатиялык ишмердигин тарыхый булактардын, архивдик документтердин, санжыралык маалыматтардын жана илимий изилдөөлөрдүн негизинде талкуулоо, кийинки муунга жеткирүү болду. Конференцияда XVIII кылымдагы кыргыздардын саясий абалы, эл аралык мамилелери, жуңгар баскынчылыгына каршы күрөшү, кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоодогу тарыхый инсандардын орду жана дипломатиялык байланыштар боюнча илимий баяндамалар жасалды.