Меню
ТОКОЙЛОРДОГУ ЗЫЯНКЕЧТЕРДИН БАР-ЖОГУНА БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
21-августта Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын П.А. Ган атындагы токой илимий-өндүрүштүк борбору эл аралык конференциянын алкагында Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркы менен биргеликте Сибирь бөлүмүнүн В.Н. Сукачев атындагы Токой институтунун окумуштуулары, Сибирь мамлекеттик университетинин жана Урал мамлекеттик токой-техникалык университетинин профессорлору, ошондой эле Тыва жаратылыш ресурстары институтунун илимий кызматкерлери үчүн тажрыйба алмашуу максатында паркка практикалык иш-чара уюштурду.
Жүргүзүлгөн иштер тууралуу П.А. Ган атындагы Токой илимий-өндүрүштүк борборунун директорунун милдетин аткаруучу Муслим Ражапбаев буларды айтып берди.
- Кыргыз кырка тоосунун карагай өскөн тилкелеринде (токойлорунда) бир топ убакыттан бери карагай муруттуу коңузу (Monochamus galloprovincialis Oll) кездешери белгиленип келген. Ал карагай өскөн тилкелерге олуттуу зыян келтирет. Россиялык окумуштуулардын айтымында, мындай зыянкеч Россияда да кездешет.
Парктын токойлорунун абалын талаптагыдай сактоо, зыянкечтердин таралышына жол бербөө жана Чоң-Кемин жаратылыш паркынын карагай өскөн тилкелеринде аталган зыянкечтин бар-жогун тактоо максатында адистер парктын тоолуу бөлүгүнө атайын чыгып, токой тилкелерин изилдешти, зыяндуу курт-кумурскаларга байкоо жүргүзүп, салыштырма талдоо жүргүзүштү.
Бул аймакта адистер байкоо жүргүзүп, зыянкечтердин түрлөрүн аныкташты. Байкоо жүргүзүлгөн учурда карагай өскөн тилкелерде кабык жегич коңуздардын ар кандай түрлөрү бар экени белгиленди. Ал эми жогоруда аталган муруттуу коңуздун бар экендиги катталган жок. Мындан аркы байкоолорду жүргүзүү үчүн сыноо аянтчалары белгиленди.
Келечекте адистер үч жыл катары менен келип, болуп жаткан өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүп, жергиликтүү кесиптештер менен биргеликте алынган жыйынтыктарга талдоо жүргүзүүнү пландашууда.
Биз тажрыйба алмашып, россиялык кесиптештер колдонуп жаткан жаңы технологиялар менен бөлүшөбүз. Эки күндүк иш-чара өз максатына жетти. Биринчи күнү конференцияда токой чарбасы жана токой таануу боюнча баалуу илимий макалаларды сунуштап, талкууладык, токойлорду сактоо маселелери боюнча пикир алмаштык. Мындан ары да кызматташуубузду жана өнөктөштүгүбүздү улантабыз.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматына, Кыргызстандагы Жер жана токой пайдалануучулар ассоциациясына, Токой секторундагы кызматташтык боюнча Азия уюмуна (AFoCO), ошондой эле эки күндүк иш-чараны өткөрүүгө көмөк көрсөткөн россиялык токой институттарына ыраазычылык билдирем.